Turmush — Баткен электр тармактар ишканасы 2026-2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында кезектеги оңдоп-түздөө жана электр жабдууларын жаңылоо иштерин баштады.
Маалым болгондой, быйыл Баткен облусу боюнча электр тармактарынын техникалык абалын жакшыртуу жана керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында бир катар ири иштер аткарылат.
6-10/0,4 кВ трансформаторлор боюнча:
- 284 даана трансформатор капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт;
- 1632 даана трансформатор техникалык тейлөөдөн өткөрүлөт.
6-10/0,4 кВ аба чубалгылары боюнча:
- 1538 км аба чубалгы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт;
- 3847 км аба чубалгы техникалык тейлөөдөн өткөрүлөт.
220/110/35 кВ жогорку чыңалуудагы аба тармактар кызматында:
- Жалпы 1400 км аба чубалгы текшерүүдөн өткөрүлүп, анын ичинен
- 20 км капиталдык оңдоодон,
- 1380 км кезектеги оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт;
- Ошондой эле 8772 даана жаңы айнек изоляторлор орнотулат.
220/110/35 кВ жогорку чыңалуудагы көмөк чордондор боюнча:
- 45 даана көмөк чордон кезектеги оңдоп-түзөөдөн ;
- 5 даана көмөк чордон капиталдык оңдоодон өткөрүлөт.
Ошондой эле электр энергиясын жеткирүү системасын автоматташтыруу саясатынын алкагында, 2026-жылы Баткен облусунун аймагында 54 587 даана (АСКУЭ) акылдуу эсептегич орнотуу пландалууда. Облустун бир катар аймактарында 32 км СИП-2 жана СИП-3 өзүн-өзү көтөрүүчү изоляцияланган өткөргүчтөр тартылат.
Бул иштердин негизги максаты — электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу, техникалык жоготууларды азайтуу жана керектөөчүлөрдү сапаттуу, үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу болуп саналат. 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилин туруктуу өткөрүүгө жана электр тармактарынын техникалык абалын жакшыртууга багытталган.
Эгерде сизде электр энергиясына байланыштуу суроолор болсо, күнү-түнү иштөөчү колл-борборго кайрылыңыздар:
Колл-борбору: 105;
0221 33-36-02 Баткен РЭТ;
0772 46-04-01Сүлүктү РЭТ;
0221 55-54-78 Лейлек РЭТ;
0221 55-54-68 Кадамжай РЭТ;
0773 94-07-07 Кызыл-Кыя РЭТ.