Turmush — Сокулук райондук билим берүү бөлүмү тарабынан мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын II (райондук) жана III (облустук) этаптарынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациядан билдиришти.
Аземдин жүрүшүндө жеңүүчү окуучулар жана аларды даярдаган мугалимдер Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын ардак грамоталары менен сыйланып, аларды аппарат жетекчиси Урмат Чолуков тапшырды. Ал эми Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Марат Усеналиев мугалимдерге ыраазычылык каттарды жана окуучуларга грамоталарды ыйгарды.
Республикалык олимпиаданын III (облустук) этабында байгелүү орундарды алган окуучулар:
- тарых сабагы боюнча 1-орун — Алиева Айганыш Кудайбергеновна (Военно-Антоновка жалпы билим берүү мектеби);
- химия сабагы боюнча 1-орун — Абдикаримова Раяна Шекербековна (И. Айдарбеков атындагы жалпы билим берүү мектеби);
- математика боюнча 2-орун — Айнакулова Айман Маратовна (И.Раззаков атындагы жалпы билим берүү мектеби);
- биология боюнча экинчи орун — Алыбаев Асхат Муратович (Silk Way эл аралык мектеби);
- кыргыз тили (кыргыз тилдүү мекттер) боюнча 3-орун — Каюмова Бүбүрабия Абдувахобовна (Жаңы-Жер мектеп-комплекси);
- орус тили (кыргыз тилдүү мектептер) боюнча 3-орун — Козубаев Руслан Нурбекович (Ихлас эл аралык мектеби);
- англис тили боюнча 3-орун — Хусаинов Кирилл Валерьевич (Ат-Башы жалпы билим берүү мектеби).