Turmush — Сокулук районуна караштуу Новопавловка айыл өкмөтү мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга балаты майрамын уюштурду. Бул тууралуу айыл өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Новопавловка айыл аймагы боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген, жашы жете элек 411 бала бар. Анын ичинен 81 бала церебалдык шал (ДЦП) оорусунан жабыркайт. Калганы 18 жашка чейинки балдар.
«Иш-чарага Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Улан Чаначев, Социалдык камсыздоо департаментинин директору Актан Балбаков, Сокулук районундагы эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Максат Кеңешев, Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат башчысы Канат Калдаралиев, айыл өкмөт башчысы Жалын Жумабеков анын орун басары Элдияр Рымбеков, айылдык кеңештин торагасы Аскар Абышев жана сый конокко чакырылган балдар, алардын ата энелери катышты», - деп айтылат маалыматта.