Turmush — Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Крупская айыл аймагындагы Биринчи май айылында 300 метр узундуктагы канал курулуп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган айыл өкмөттөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, айыл өкмөттүн бюджетинен 500 миң сом бөлүнүп, калган чыгымды айыл эли көтөргөн.
Куруу иштери менен жеринде аким Илияз Ташкулов таанышты.
Айыл өкмөт башчысы Жеңишбек Эдигеевдин айтымында, жаз алды менен дагы 2 чакырым канал курулат.
«Эгерде бул канал салынып, ишке берилсе, суу жоготуу болбой, дыйкандарга суу кенен жетет», - деди ал.