Turmush — Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Новопокровка айыл аймагындагы Новопавловка №2 мектеп-гимназиясына кошумча корпус салынууда. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган айыл өкмөттөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, корпус куруу үчүн 2018-жылы 92 млн сомдун тегерегинде тендер жарыяланган (учурда курулуш материалдарынын баасы өскөндүгүнө байланыштуу бул баа өзгөрүшү мүмкүн). Куруу иштери республикалык бюджеттен ишке ашууда.
500 орундуу жаңы корпустун имаратын жыл аягына чейин ишке берүү пландалууда.
Мектептин негизги имараты 2 кабаттуу. Ал 900 орунга ылайыкталган. Бирок, учурда 4195 окуучу 3 нөөмөт менен билим алышууда.