Turmush — Кадамжай районунун Майдан айылындагы Шамбесай аймагы шам жанып турган сыяктуу таасир калтыргандыктан ушундай аталышка ээ болгон. Аймактык кабарчы аймактын таржымалын тактады.
Жергиликтүүлөрдүн айтымында, СССР учурунда геологдор келип, бул жерде алтын бар экенин аныктаган.
«Илгери ушул Исфайрам дарыясынын батыш тарабындагы Майдан айылынын тоо этеги жанып турчу экен. Кадимки шам сыяктуу түнкүсүн жарык чачырап турган. Кийин эл оозунда «Шам сайы» деп айтылып калган. Шам сайы бара-бара өзгөрүп, Шамбесай деп айтылып кеткен. Бул жерде алтын кени болгону үчүн жанып турса керек. Кийин СССР учурунда геологдор келип алтын бар экенин аныктаган. Бирок бул жерде уулуу зат болгондуктан алышкан эмес. Бизге аталарыбыз алтын бар деп айтып жүрүшчү. Андан кийин казып алуу үчүн чет өлкөлөрдөн инвесторлор да келишкен. Биздин Баткен аймагы негизинен кенге бай жер», - деди Майдан айылынын тургуну Гүлбара Нурматова.
Бүгүнкү күндө Шамбесайдагы алтынды казып алууга инвесторлор аракет кылып, айылдыктар каршы чыгып келет.