Turmush — Жалал-Абад облусунун аймагындагы жарандык коргонуунун абалын баалоо иш-чарасы башталды.
Иш-чара 3 күнгө созулуп, жарандык коргонуу кызматтарынын күч каражаттары жана иш кагаздары текшерүүгө алынат. Страт берүү саамалыгына өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Искендер Сулайманов, президенттин Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов жана башка бийлик өкүлдөрү катышты.
Искендер Сулайманов баалоонун максаты өзгөчө кырдаалды алдын алуу жана кесепеттерин жоюуга багытталганын белгилеп, баалоонун багыттарына токтолду.