Turmush — Чүй облусунун Токмок шаарына жакын жерде, Бишкек—Нарын—Торугарт айланма жолунда жүк ташуучу унаа менен пикаптын катышуусунда жол-транспорт кырсыгы катталды. Бул тууралуу күбөлөр билдирди.
Алардын айтымында, окуя 2026-жылдын 20-апрелинде болгон. Кырсыктын кесепетинен жүк ташыган унаа оодарылып, пикап талкаланган. Азырынча айдоочулардын абалы тууралуу маалымат жок.
Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү кырсык боюнча тактоо жүргүзүп жатат.