Turmush — Нарын облусунун Кочкор районунда 20 гектар жерге айсберг салат жалбырагын отургузуу мерчемделип жатат. Бул тууралуу райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, өткөн жылы эксперимент катары эки гектар жерге айдалган салат жалбырагы жакшы натыйжа берген. Бул үчүн Семиз-Бел айылынан көп жылдан бери пайдаланылбай турган жер берилип, тамчылатып сугаруу системасы коюлган. Ал эми быйыл Чекилдек айылынын Кара-Аңыз участогуна айдалат.
Өткөн жылы «Ормон Хан» айыл чарба коопаративи тарабынан Семиз-Бел айылына караштуу Жеке-Тайлак тилкесинде эки гектар жер аянтына робинзон сортундагы айсберг салаты айдалган.
Айыл чарба коопаративинин мүчөсү, фермер Жолдошбек Азаркуловдун айтымында, өткөн жылы Жеке-Тайлактагы көп жылдан бери суу баспаган 21 гектар жер аянтынын 2 гектарына робинзон сортундагы айсберг салатын өстүрүп, ал жакшы натыйжа берип, бир жылда үч жолу түшүм алышты.
«Эл аралык базарда айсберг салатына суроо-талап жогору экен. Анын бир киллограммы 1 АКШ долларына бааланат. Өткөн жылы сыноо багытында айдап, жакшы натыйжа бергендиктен быйылкы жылы айдоо аянтынын санын кыйла көбөйтсөк деген оюбуз бар. Башка дыйкандар да кызыгып жатышат.
Кочкордун катаал шартында арпа, буудай айдап, кээде суудан же аба ырайына байланыштуу ойдогудай түшүм албай, эмгегиң акталбай калган учурлар көп болот. Кочкор районунун климаттык шарттары айсберг салаты үчүн жагымдуу болгондуктан бир жылда үч жолу түшүм алууга болот. Өткөн жылы үч жолу түшүм терип, Казакстанга жөнөттүк», - деди фермер.