Turmush — «Өзгөчө ысымдар» рубрикасынын кезектеги каарманы Сувор Айдралиев болду. Аймактык кабарчы аксакал менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, 1950-жылы туулган. Ысымын атасы орус кол башчысы Александр Суворов жөнүндөгү китепти окуган кийин койгон. Атасы генералиссимустун эч бир салгылашууда жеңилбеген каармандыгына таасирленип, уулун анын урматына атагысы келген. Ошентип Суворов фамилиясынан алынган Сувор деген ысым коюлган.
«Кайыңды станциясында төрөлгөм. Ал кезде бул Калинин району болчу (азыркы Кайыңды шаары, Панфилов району). Кийинчерээк үй-бүлөбүз Сокулук районуна көчүп келип, атам Калинин атындагы колхоздун төрагасы болуп иштей баштаган. Атамдын өзүнүн Даки деген өзгөчө ысымы болгон. Балким биздин ата-бабаларыбыз Румыниядан чыккандыр болжолдойм», - деди ал.
Кичинесинен Сувор деген ысым тегерегиндегилердин суроолорун жаратчу. Киченесинде көп учурда улутун сурашчу. Айрымдар француз тектүү деп да ойлошчу. Ысымы көбүнчө бурмаланып айтылчу. Аны Сувар, Сулар, Субар, Субор деп аташчу. Бирок өзү муну ар дайым сабырдуулук жана чоң сыймыктануу менен кабыл алчу.
«Ысым адамдарга кандайдыр бир чет элдиктей сезилчү. Натыйжада мени көбүнчө Саша деп эле аташчу. Азыр да теңтуштарым ошентип кайрылышат.
Суворов жөнүндө көп окугам. Ал алсыз бала болчу. Бирок чыйрактыгы жана эмгеги менен улуу полководец болгон. Анын айткандары мага дайыма жагаар эле, мисалы «Ок - акмак, найза - баатыр». Андан үлгү алганга аракет кылам», - деди ал.
Бүгүнкү күндө Сувор Айдралиев өзүнүн ысымына ыраазы экенин жана аны уникалдуу деп эсептей турганын айтат.
«Бир да жолу ушундай эле аты бар адамды жолуктура элекмин. Ал ар дайым мени айырмалап, атүгүл шыктандырып келген», - деди ал.
Кызыгы, суроолор ага гана эмес, анын балдарына да берилип турат. Ошентсе да үй-бүлө муну тамашалап кабыл алат. Анын үстүнө өзүнүн уулу балдарына чоң атасынын ысымынан фамилия берет. Өй-бүлөдө Суворов деген фамилия менен неберелерболот.
Сувор аксакал кесиби боюнча инженер-механик, политехникалык институтту аяктаган. Эмгек жолун Краснооктябрьск (азыркы Шопоков шаары) посёлогунда баштаган. Ал жерде совет мезгилинде машина куруу заводу сыяктуу ири ишканалар иштеген. Ал жерде автобазаларда да көп жыл эмгектенген. СССР кулагандан кийин, көпчүлүк сыяктуу эле ал да ар кандай киреше табуунун жолдорун издөөгө аргасыз болгон.
«1990-жылдары кыйын болду. Гезит саттым, кайтаруучу болуп иштедим. Бишкекке барып, гезит сатып алып, Сокулукта сатчумун. Жашоо үчүн аракет кылып, Россияга жана Казакстанга иштеп кетүүгө, куруучу болуп иштөөгө туура келди. Балдарды багып, окутуш керек эле», - деди ал.
Сувор Айдралиев 3 баланы тарбиялап өстүргөн.