Turmush — Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Ак-Суу айылынын борборунда кезектеги азык-түлүк жармаңкеси өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.
Жармаңке азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, эттин баасын туруктуу кармоо жана социалдык маанидеги товарларга туруктуу мониторинг жүргүзүү максатында уюштурулду. Анда тургундарга күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөрдү дыйкандар жеткиликтүү баада сунуштады. Тактап айтканда, эт азыктары базар баасынан 80-100 сомго арзан сатылды.
Жармаңкедеги баа:
- уй эти — 600 сом;
- нан — 45 сом;
- гречка — 55 сом;
- бал 500 сом;
- жумуртканын бир даанасы — 12 сом;
- балыктын килограммы — 250 сом;
- картошка — 30 сом;
- кесме (3 кг) — 291 сом;
- компот жана туздалган бадыраң (2 литрлик идиште) — 100 сом;
- быштак (300 грамм) — 100 сом;
- кыям — 100–250 сом;
- сүт — 34–40 сом;
- каймак — 100 сом;
- сары май — 500 сом;
- айран — 100 сом.
Мындай жармаңкелер жума сайын ар шаршемби күнү туруктуу негизде өткөрүлүп турмакчы.