Turmush — «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарында иштеп жаткан 24 жаштагы Арууке Талантбек кызы. Ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде чет өлкөдөгү жашоосу тууралуу айтып берди.
Каарманыбыз 2002-жылдын 15-январында Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кербен шаарында төрөлгөн.
«Россиядагы Горно-Алтай мамлекеттик университетинде биолог-химик адистиги боюнча билим алгам. Университетте окуп жүргөн кезде курбум экөөбүз тамаша-чыны аралаш "бир күнү Дубайга барып жашайбыз" деп көп сүйлөшчүбүз. Ал кезде бул жөн гана кыял сыяктуу сезилчү.
Университетти бүткөндөн кийин Москва шаарында иштеп жүргөнүмдө "FlyDubai" компаниясында иштеген кыргыздар менен таанышып калдым. Алар мага көп мотивация берип, Дубайга барып көрүүнү сунушташкан. Ошентип курбуларым менен "жакса калабыз, жакпаса кайра кетебиз" деп Бириккен Араб Эмираттарына келип калдык. Кийин бул жер мага жагып, жумуш таап, ушул жакта жашап калдым», - деди ал.
Арууке Талантбек кызы учурда чачка тиешелүү кызматтарды көрсөтүп иштеп жатат.
«Дубай шаарында жашайм. "Hair Academy" деген жерде иштейм жана ошол жерде окуучуларды окутам. Чач тармагын Дубайга келгенден кийин үйрөндүм. Бул жакта атайын окуп, чач улоо жана башка чачка тиешелүү кызматтарды өздөштүрүп, азыр ошол тармакта иштеп жатам.
Дубай — абдан коопсуз, таза жана мүмкүнчүлүктөр көп болгон шаар. Бул жерде ар кандай улуттагы адамдар жашайт. Адамдар бири-бирине урмат-сый менен мамиле кылышат. Албетте, Кыргызстан менен айырмачылыктар бар. Бул жерде жашоо ыргагы тез, мүмкүнчүлүктөр да көп. Бирок Кыргызстан мен үчүн ар дайым өзгөчө бойдон калат, анткени ал менин мекеним.
Башында жаңы өлкөгө көнүү оңой болгон жок. Жаңы чөйрө, жаңы адамдар жана жаңы жашоого үйрөнүү үчүн убакыт керек болду. Бирок убакыт өткөн сайын баары өз ордуна келип, көнүп кеттим. Бул жерде жашап, өз алдымча болууну жана жоопкерчиликти үйрөндүм. Финансылык жактан да өсүп, үй-бүлөмө жардам бере алдым. Үй-бүлөмө Дубайды көрсөтүп, бул жакка алып келгениме абдан сүйүнөм», - деди ал.
Мекендеш учурда Дубай шаарында абал тынч экенин белгиледи.
«Дубайда кыргыздар да көп. Кээде жолугуп, бири-бирибизди колдоп турабыз. Бош убактымда шаарды кыдырып, өзүмө убакыт бөлгөндү жакшы көрөм. Ошондой эле видеолорду тартып, блог жүргүзөм.
Учурда абал тынч. Баары кадимкидей эле иштеп, жашап жатабыз.
Келечекте өзүмдү дагы өнүктүрүп, жакшы жетишкендиктерге жетүүнү каалайм. Максаттарымдын бири — буюрса өз үйүмдү сатып алуу. Ошондой эле үй-бүлөмө көбүрөөк жардам берип, кыялдарымды акырындык менен ишке ашырууну каалайм. Учурда турмушка чыга элекмин», - деп сөзүн жыйынтыктады.
-----------------------------------------------------------
АКШ менен Израил 28-февралда Иранга каршы согуш баштады. Ага чейин Вашингтон менен Тегеран Ирандын ядролук программасы боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. АКШ Ирандан ядролук куралды иштеп чыгуудан баш тартууну талап кылган. Вашингтон менен Тегерандын акыркы, үчүнчү сүйлөшүүсү 26-февралда Женевада өттү.
2026-жылдын 14-мартында Кувейт, Бахрейн жана Катардан төртүнчү атайын эвакуациялык авиарейс менен Кыргыз Республикасынын 142 жараны аман-эсен кайтарылды. Ошондой эле дагы 24 жаран Стамбул аркылуу мекенге кайтып келишти. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Буга чейин маалымдалгандай, Жакынкы Чыгышта болжол менен 22 миңдей Кыргыз Республикасынын жараны жүргөн.
«Жалпысынан 5 атайын эвакуациялык авиакаттам уюштурулуп, алардын жардамы менен Эр-Рияд жана Дубай шаарларынан, ошондой эле Катар, Кувейт жана Бахрейн мамлекеттеринен Кыргызстандын 592 жараны кайтарылды.
Атайын эвакуациялык авиарейстерден тышкары жарандардын көбү кадимки авиакаттамдар аркылуу өз алдынча кайтып келишти. Бүгүнкү күнгө карата Жакынкы Чыгыш мамлекеттеринен Кыргызстанга өз алдынча кайтып келген жарандардын саны 3000ден ашты.
Кыргызстанга учуп келүү үчүн негизги транзиттик пункттар болуп Эр-Рияд жана Жидда шаарлары эсептелет. Жарандар Перс булуңундагы коңшу мамлекеттерден Сауд Арабиясына жер үстүндөгү транспорт же аймактык авиакаттамдар аркылуу келип, андан ары Бишкек шаарына уча алышат. Каттамдарды «Flydubai», «Pegasus Airlines», «Flynas» жана «Turkish Airlines» сыяктуу авиакомпаниялар аткарып, башка өлкөлөрдүн эл аралык аэропорттору аркылуу транзит менен ишке ашырылышы мүмкүн», - деп айтылат маалыматта.