Turmush — Адис Тыныбеков Жумгал райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды.
Маалым болгондой, анын бул кызматка дайындалышы жөнүндөгү буйрукка курулуш, архитектура жана турак жай коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев кол койду. Жаңы дайындалган жетекчини башкармалыктын эмгек жамаатына Нарын регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жетекчиси Азамат Калыков тааныштырды.
Буга чейин аталган кызматты Мырзабек Акылбеков аркалап келген. Ал жазган арызынын негизинде кызматтан бошотулган.
Адис Тыныбеков 1996-жылы Чаек айылында туулган. 2012-жылы Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин агротехникалык колледжин 2015-жылы бүтүрүп геодезист атайын орто кесибин алып чыккан. Учурда Кыргыз-Россия билим берүү академиясында юриспруденция багытында жогорку билим алып жатат. Быйыл 4-курстун студенти.
Эмгек жолун 2017-жылы Жумгал шаар куруу жана архитектура башкармалыгында баштаган. Жетекчилик кызматка чейин топография бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалап келе жаткан.
Үй-бүлөлүү.