Turmush —
Кемин районуна караштуу Орловка шаарында жаңы аялдамалар орнотулууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, шаардын борбордук Кудряшова көчөсүндө жаңы 3 аялдама жана Фрунзе көчөсүндө 1 аялдама орнотулуп жатат. Бул аялдамалар шаардын көркүн жакшыртып, тургундар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.
Ошондой эле коомдук транспортту күтүүдө жарандарга ыңгайлуулук жаратып, шаардагы инфраструктуранын жакшырышына өз салымын кошот.