Turmush — Бүгүн, 13-мартта Чүй облусунун Сокулук районунун прокуратурасынын жаңы имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.
Ачылыш аземине башкы прокурор Максат Асаналиев, Чүй облусунун прокурору Азизбек Шукурбеков, Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Илияз Ташкулов, ошондой эле күч органдарынын жетекчилери катышты.
Аталган имараттын курулушу 2025-жылдын 9-июлунда башталып, мезгил кутучасы салынган. Анда Сокулук райондук мамлекеттик администрациясы 20 сотых жер тилкеси бөлүнүп берилген.
«Жаңы имарат прокуратура кызматкерлерине заманбап шарттарды түзүп, жарандарга көрсөтүлүүчү кызматтын сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт», - деп айтылат райондук администрациянын маалыматында.