Turmush — «Жубайлар» рубрикасынын кезектеги каармандары — Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жашап жаткан Айгерим Капарова (Салманова) менен Вячеслав Салманов. Айгерим Капарова Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде жолдошу менен кантип баш кошуп калганын айтып берди.
Ал 1986-жылы Жалал-Абадда төрөлгөн.
«Балалыгым Баткенде өтүп, 1-классты ошол жактан аяктагам. Атам Оштон болгондуктан кийин Ош шаарында 12 жыл жашадым. Биринчи турмушум менен Токмок шаарында 8 жыл турдум, кийин эки жолго түшкөнбүз.
Кичинемден Ысык-Көлгө туугандардыкына көп келип турчумун. Караколдо да 2 жыл кыштадык. Азыр ойлосом, Кыргызстаныбыздын төрт бурчунда жашап, турмуштун ар түрдүү даамын татып өскөн жаран экенмин.
Атам — ыраматылык Сүйүнбай Капаров "Билим булагы" гезитинде 40 жылдан ашуун редактор болуп эмгектенген. Апам кыргыз тили жана адабияты боюнча мугалим, "Билим берүүнүн отличниги" болгон. Учурда 72 жашта, ардактуу эс алууда», - деди ал.
Жолдошу Салманов Вячеслав Всеволодович 1990-жылы 9-сентябрда төрөлгөн. Анын айтымында, болочок жолдошу менен Москва шаарындагы кафеден таанышкан.
«Атасы аскер кызматкери болгондуктан Слава Кубада жарык дүйнөгө келиптир. Ал капитан, участкалык милиция кызматкери болуп иштеген. Орусиянын Ички иштер министрлигинин Москва университетин аяктаган. Мен болсо Ош технологиялык университетинин муниципалдык башкаруу бөлүмүн бүтүргөм.
Экөөбүз Москвада кафеде таанышканбыз. Таанышкандан эки саат өтпөй эле Слава "мен сага үйлөнөм" деген. Эртеси ата-энеси менен тааныштырып, ошол эле күнү досторуна үйлөнүү чечими тууралуу айткан. Ал тургай Москвадагы кыргыздардан кыргызча "я тебя люблю кандай болот?" деп сурап, мага келип "мен сени сүйөм" деп айткан учуру эсте калган», - дейт ал.
Айгерим Капарова жолдошу ислам динин кабыл алып, ага мусулманча ысым коюлганын белгиледи.
«Ата-энем менен таанышканы келген күнү молдо чакырып, Слава исламды кабыл алып, мусулманча Салман деген ысым коюлган. Тууган-урукту чакырып, чакан нике той өткөргөнбүз. Расмий никеге 3 жыл мурун Чолпон-Ата шаарындагы ЗАГСтан (жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмү) өткөнбүз. Никеде жашап жатканыбызга жалпы 7 жыл болду.
Бул экөөбүздүн тең экинчи турмушубуз. Славанын 15 жаштагы кызы, менин 19 жаштагы уулум бар. Менин баламды өзүнүн баласындай кабыл алды, уулума аябай көп жардам берди. Ал жеке менчик мектепте окуйт эле, толук камсыз кылып жүрдү. Уулумдун да ага болгон мамилеси өтө жакшы. Азыр уулум Малайзияга грантка тапшырып, ошол жакта 1-курста окуп жатат. Кызыбыз болсо каникулда, 2-3 айга биздикине келип кетет. Мамилебиз аябай жакшы. Кайненем менен мамилебиз абдан жакшы.
Башында өзүмдүн апам бир аз санааркаган. Кайнатам менен сүйлөшүп, алардын теги башкир-татар экенин уккан соң көңүлү жай алган. Эки тарап тең каршы болгон жок. Тескерисинче, Слава биздин каада-салтка абдан жакын экен. Кыргызстанга келгенде туугандарым "күйөө бала" деп тамашалап, баары тосуп алышканда, ал таң калып "оказывается, у меня теперь очень большая семья!" деп сүйүнгөн.
Өзүм кесибим боюнча "перманентный макияж" боюнча жогорку категориядагы адисмин. Москвада иштеп жүргөм. Слава Москвада участкалык кызматкер болуп иштейт эле. Милиция кызматкерлерин даярдаган мектепте 14 жашынан бери окуган үчүн жашы жетип, капитан боюнча пенсияга чыкты. "Пенсияга чыкканда күзөтчү болуп иштейсиңби?" деп тамашалап калчумун.
Жыл сайын Кыргызстанга Ысык-көлгө келип эс алып турчубуз. Көлдүн аба ырайы Славага аябай жаккан. Эжем конок үй иштетүүнү сунуштады. Ошол боюнча бул жерде калып калдык. Учурда Чолпон-Ата шаарында жашап, конок үй иштетебиз. Пенсияга чыккандан кийин "эмне иш кылабыз?" деп ойлонуп жүрүп, туризм тармагына кадам таштадык. Бүгүнкү күндө шүгүр, ишибиз жакшы жолго коюлду», - деди ал.
Каарманыбыз жолдошу буга чейин динге же салтка өзгөчө маани бербегенин, ал эми учурда кыргыз элинин салт-санаасына таң калып, урматтап жашап жатканын кошумчалады.
«Бош убактыбызда көл жээгинде сейилдегенди жакшы көрөбүз. Мен болсо акыркы убакта боёк менен сүрөт тартуу менен алектенип жатам.
Келечекте аман-эсен болсок, туризм аркылуу кыргыз элине, жергебизге кызмат кылсак деген тилегибиз бар. Сүйүү, сый-урмат жана түшүнүшүү болсо, улут, аралык, айырмачылык тоскоол болбойт экен. Биздин тагдырыбыз буга далил деп ойлойм», - деди ал.