Turmush — Кадамжай районунунун Алга айылынын тургуну Махаматали Темиров 40 гектар какыраган талааны бакка айландырып, 6 чакырымга электр энергиясын тартып келди. Аймактык кабарчы багбандан кабар алды.
Анына йтымында, Ош—Баткен—Раззаков унаа жолунунун 160-161-чакырымында ээн жаткан жолдун эки жээгин бакка айландырууу үчүн 150 метр жер астынан суу чыгарган.
«Биз өздөштүрүп жаткан жер жалпысынан 40 гектарга жакын. 6 чакырым аралыктан электр энергиясын тартып келдик. Ал үчүн электр чубалгылары менен кошо 100 даана электр мамысын орноттук. Электр энергиясын тартуу менен бирге трансформатор орнотуп, 150 метр жер астынан суу чыгардык. Негизинен сугат суусу 60 метрден чыкты. Биз кошумча 90 метр каздырдык. Насосту 80 метрге таштадык. Кошумча суу сактагыч да курдук. Ошентип азыркы учурда 40 гектардай жердин жолдун өйдөңкү түштүк тарабынан 18 гектарына жалпысынан 7,5 миң көчөт отургуздук. Мында өрүктүн эрте бышуучу приция сорту, алманын, гиластын өзгөчө сорттору отургузулган. Көчөттөр Түркиядан 200-300 сомдон (1 даанасы) сатылып алынган.
Ошондой эле жергиликтүү сорттогу шабдалы көчөтүнөн 4 гектардай жерге эгилген. Азыркы учурда жерди өздөштүрүүгө жалпысынан 13 млн сомго жакын акча жумшалган. Кудай буюрса 3-4 жылдын ичинде кирешеге чыгып калабыз. Көчөттөрдү эрте жазда отургуздук эле, дээрлик 99% көктөп, тез жетилип жатат. Анткени бул жерде жер кыртышы жакшы. Көчөттөрдүн астын чаап, чөбүн отоп, жер семирткичин берип турсаң анан жетилет. Ар бир көчөттүн түбүнө жок дегенде жарым килограммдан жер семирткич таштап чыгабыз.
4 гектардай жерге арпа септик эле, абдан жакшы чыкты. 2 гектар жерди айдап даярдап койдук. Буюрса тамчылатып сугаруу менен пияз эгебиз», - деди ал.
Каарманыбыз буга катар эле пайызы жок кредиттер көбүрөөк көлөмдө берилсе жакшы болмоктугун айтып берди.
«40 гектар жердин калган бөлүгүн 22 гектарын өздөштүрүү үчүнда скважина каздырып, даяр кылып койгонбуз. Буюрса 10-15 күндөн кийин дарактар «уйкуга кеткенде» отургуза баштайбыз. Жер тоңуп калганга чейин отургузабыз. Жетишпей калганыбызды эрте жазда отургузабыз.
Өздөштүрүү үчүн мамлекет тарабынан 1 млн сом пайызы жок кредит берилди. Жок дегенде 5 млн сом бергенде жакшы болмок. Анткени көчөт сатып алууга эле 2,5 млн сомдой каражат кетип жатат», - деди багбан.