Turmush — Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Военно-Антоновка айылынын окуучулары шахмат боюнча облустук турнирде жеңишке жетип, республикалык мелдешке жолдомо алышты. Бул тууралуу Военно-Антоновка айыл өкмөтүнөн билдиришти.
«Биздин шахмат боюнча "Ак илбирс" командабыз Чүй облусунун окуучулары арасында, мектеп лигасында 1-орунга ээ болду. Ийримдин жетекчиси — Тахир Иманович Иманов. Шахмат боюнча мелдештин облустук этабы Кант шаарында өтүп, анда 6 райондун мектеп окуучулары катышты. Биздин Военно-Антоновка мектеп-гимназиясы 1-орунду ээлеп, республикалык этапка жолдомо алышты. Ал жерде 7 облус жана эки шаар (Бишкек жана Ош) мектеп окуучулары болот», - деп айтылат маалыматта.
Катышуучуларлын тизмеси:
1. Шумкар Суркеев, 8-класстын окуучусу;
2. Анипа Бекжанова, 6-класс;
3. Атай Айдарбеков, 9-класс;
4. София Барыспиева, 8-класс;
5. Ыйман Кулмырзаев, 4-класс;
6. Айсалкын Эсенаманова, 6-класс;
7. Узар Сагынбеков, 4-класс;
8. Сумая Барыспиева, 3-класс.