Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Чүй облусуСокулук району 02.10.2019 08:36

Сүрөт — Чүй облусунун айрым райондорун туман каптады

Turmush -  Бүгүн, 2-октябрь күнү Чүй облусунун Сокулук районунун ички жолдорун, айылдарын, талааларды жана айланма жолду туман каптады. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Бүгүн, 2-октябрда өлкөнүн көпчүлүк аймагында жаан жаайт, деп маалымдайт Кыргызгидромет.

Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймагында, Чүй, Талас облустарынын айрым райондорунда жаан жаашы күтүлөт. Тоолордо кар жаашы мүмкүн.

Абанын температурасы:

- Чүй облусунда күндүз +13…+18;

- Талас облусунда күндүз +11…+16;

- Баткен облусунда күндүз +16…+21;

- Ош жана Жалал-Абад облустарында күндүз +15…+20;

- Ысык-Көл облусунда күндүз +13…+18;

- Нарын облусунда күндүз +12…+17;

- Бишкек шаарында күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы күндүз +16…+18 градус болот;

- Чолпон-Ата шаарында жаан жаайт. Абанын температурасы күндүз +14…+16 градус болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×