Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Чүй облусуСокулук району 30.09.2019 17:07 На русском

Сокулуктагы ага-ининин өлүмү: Бир туугандар түшүп кеткен даараткананын сүрөтү

Turmush -  Сокулук районунун Военно-Антоновка айылындагы бир туугандардын өлүмү боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматына караганда, 28-сентябрь күнү болжол менен саат 17:44 чамасында Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө Военно-Антоновка айылындагы үйлөрдүн биринен 2 жаш бала каза болгону жөнүндө маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге барган ыкчам тергөө тобу турак үйдөгү дааратканага түшүп кеткен 7 жана 13 жаштагы балдардын жансыз денесин табышты.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү бардык соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.

Turmush басылмасы кечээ, 29-сентябрда Военно-Антоновка айылында бир тууган балдар кошунасынын дааратканасына түшүп кетип каза болушканын жазган.

«Жаман окуя болду. 1-класстын окуучусу ойноп жүрүп кошунасынын 8 метр тереӊдиктеги дааратканасына түшүп кеткен. Аны куткарууга барган 7-класстагы агасы да дааратканага түшүп кетти. Ошол маалда үйдө чоӊ киши жок экен. Жашоочулар чыгара алышпай, Сокулук райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучуларын чакырышты. Куткаруучулар алгач улуусун алып чыгышты. Тилекке каршы ал каза болуп калыптыр. 1-класстагы инисин көпкө издешти.

1981-жылы туулган атасы курулуш тармагында эмгектенсе, апасы базарда иштечү. Күндүз экөө теӊ жумушта болушат. Кошунасы шалаакылык кылып, дааратканасын толук жасап койбоптур. Ошончо тереӊ даараткананын айланасын тосуп коюшу керек болчу», - дешкен жашоочулар.

Военно-Антоновка айыл өкмөтүнөн окуяны тастыкташып, маркум балдарга жергиликтүү көрүстөндөн акысыз орун берүүгө жардам көрсөтүлүп жатканын айтышкан.

Маркум балдардын атасы — И.А.У., 1981-жылы туулган,

Маркум балдардын апасы — К.Г.А., 1983-жылы туулган;

Балдар каза болгон үйдүн ээси — Р.Н.К., 1985-жылы туулган.

Толук маалымат бул шилтемеде.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×