Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Чүй облусуСокулук району 24.09.2019 13:37

Чүйдөгү райондордо Мамлекеттик тил күнү кандай белгиленди?

Turmush -  23-сентябрда Чүй облусунун Кемин районунда Мамлекеттик тил күнүнө карата Кемин райондук С.Осмонов атындагы маданият үйүндө райондук иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чарага райондун акими Нурлан Шаршеналиев катышып, мамлекеттик тилдин маанилүүлүгүнө токтолуп, мекеме-уюмдардын жетекчилери, кызматкерлери менен жалпы журтту майрамы менен куттуктады. Ошондой эле акын-сатирик Эсенгул Чопиев, райондун алдыңкы кыргыз тилчи мугалимдери өз ойлорун ортого салып, тилдин маанилүүлүгүн баса белгилешти. Иш-чарага жалпысынан ар тармакта эмгектенген 300 адам катышты.

Кемин райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге КРдин өкмөтүнө караштуу «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин сертификаттары жана Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы тарабынан уюштурулуп, райондо өткөрүлгөн «Сабаттуу бол» акциясынын жеӊүүчүлөрүнө дипломдор жана белектер тапшырылып, майрам концерттик программа менен коштолду.

Мындан тышкары ар бир билим берүү мекемелеринде салтанаттуу линейкалар, ачык сабактар жана башка иш-чаралар өткөрүлдү. Райондун китепканаларында көргөзмөлөр уюштурулду.

Ошондой эле жер-жерлерде, мекеме-уюмдарда салтанаттуу жыйындар өткөрүлүп, мамлекеттик тил даӊазаланды.

Кемин райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан «КРдин мамлекеттик тили» жөнүндөгү мыйзамына ылайык 2019-жылга карата иш-чаралар планы кабыл алынып, бардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана мекеме-уюмдар тарабынан аткарылып жатат.

Мамлекеттик тил күнүнө карата Сокулук райондук аймактык социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан жана соцкызматкер Спивакова Галина Анатольевнанын жетектөөсүндө иш-чара уюштурулду. Анда социалдык кызматкерлер улуттук кийимдерди кийип, улуттук аспаптар менен эски ырларды аткарышты. Ошондой эле дасторконго түрдүү тамак-аштар коюлду. Иш-чарага аталган башкармалыктын 36 кызматкери катышты.

Чүй облусунун Аламүдүн районунда дагы Мамлекеттик тил күнү өзгөчө салтанат менен белгиленди. Иш-чара Чокморов атындагы маданият үйүндө өткөрүлүп, ал концерттик программа менен коштолду. Ага ар бир улуттун диаспораларынын жетекчилери, өкүлдөрү, Аламүдүн районунун акими Марс Маккараев, өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Элкинбек Аширбаев, тарыхчы, окумуштуу Кыяс Молдокасымов катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×