Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Чүй облусуСокулук району 26.09.2019 17:00

Сокулукта нааразы болгон дыйкандар жана орун басардын жообу

Turmush -  23-сентябрда Чүй облусунун Сокулук районунун дыйкандары кайрадан нааразычылык акциясына чыгып, түшкө чейин кызылчаларын кант заводуна тапшырбай кармап турушту. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

«Биз бүгүн алып келген кызылчаларыбызды өткөрбөй, заводдун жетекчилерине нааразы экенибизди билдирдик. Бирок, маселе ошол бойдон калды. Заводдун жетекчилери “акча жок, кумшекер арзан. Болгон тыйыныбызды беребиз" деп айтышты. Кызылчаны түшкө чейин өткөрбөй, айла жок түштөн кийин төгө баштадык. Антпесе, жалдап алып келген айдоочулар шаштырып башташат. Кызылчалар тура берсе соолуп, салмагын жогото баштайт. Ушуну билип туруп, кызылчаны казып алууга аз калганда аталган келишимди коюп жатышат. Дыйкандар айла жоктон алып келип башташты. Ушул маселени Жогорку Кеӊештен карап беришсе жакшы болмок», - деди дыйкандар.

Буга чейин бул дыйкандар 22-сентябрда нааразычылык акциясына чыгышкан болчу. Алар «Кошой» кант заводу жазында түзгөн келишимди бузуп, жаңы келишимди киргизгенине нааразы.

«Кошой» кант заводу жазында биз өткөргөн кызылчанын 40 пайызын акчалай, калганын кумшекер түрүндө бермек. Бирок учурда ал келишимди жокко чыгарышып, 28% акчалай, калганы кумшекер беребиз деп жатышат. Бул туура эмес. Мындай болсо дыйкандар кант кызылча айдабай калышат. Анткени көбү насыя алып, иштетип келишет. Мындай жол менен дыйкандардын чыгымы акталбай калат», - дешти алар.

Ал эми Сокулук райондук агрардык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Жолдош Ахмедакунов дагы бул келишим туура эмес экенин билдирди.

«Завод келишимди өзгөртүүдө дыйкандардын кызыкчылыгын ойлош керек эле. Тилекке каршы, завод менчик болгону үчүн биз бул маселеге кийлигише албайбыз», - деди ал.

Ал эми «Кошой» заводунун башкы директорунун орун басары Таалай Сыдыков келишим өзгөрбөгөнүн айтты.

«Бүгүнкү күндө келишим расмий түрдө өзгөргөн жок. Бирок, учурда тапкан акчабыз 28 пайызды жапканга араӊ жетип жатат. Бул маселе акчанын жоктугунан келип чыгууда. Дыйкандар менен кеӊешип, аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, өкмөт тарапка да бардык тиешелүү каттарды жолдоп, банкттардан льготтук каражаттарды тапканга аракет кылып жатабыз.

Сезон башталып калбадыбы. Дыйкандардын алып келген түшүмдөрүн токтотпой, айла жок болгон каражатыбыз менен алып жатабыз. Дыйкандарга биз чоӊ ыраазычылык билдиребиз. Биздин абалды көрүп, түшүнүп жатышат. Алар биздин өнөктөш болгондуктан дайыма алардын кызыкчылыгын ойлогонго аракет кылабыз, - деди ал.

Анын айтымында, кант кызылчасынын бир тоннасынын орточо баасы 3 150 сомду түзүп жатат.

«Мисалы, дыйкандарга Кемин, Чүй, Токмок боюнча тоннасы 3200 сом жана 77 кг кумшекер. Ивановка, Беловодск, Кара-Балта боюнча 3100 сом жана 74 кг кумшекер, Кайыӊды 3200 сом жана 76 кг кумшекер каралган. Бул айырмачылык жолдун алыстыгына жана түшүмгө жараша каралган.

Бүгүнкү күндө кумшекердин баасы кескин төмөндөп кеткени да ушул маселеге келип такалып жатат. Өндүрүлгөн товарды кийинки жылга жете тургандай сата алган жокпуз. Эл аралык банктардан түшүмдү алганга акча алып турчубуз. Алар дагы келишимдерин татаалдашытырып, бере турган акчаны эки эсе аз бере башташты. Бул тууралуу өкмөткө кат жолдоп, Айыл чарба министрлиги жана Экономика министрлиги менен толук кандуу иштер жүрүп атат. Ал жактан акча бөлүнүп калса бул маселе жеӊилдейт эле», - деди ал.

Таалай Сыдыков эмне себептен шекер арзан болуп жатканын айтты.

«Биз Евробиримдикке киргенден кийин сырттан келген кумшекерге чектөө жок болуп калды. Биз Айыл чарба менен Экономика министрликтерине Украинанын кумшекерлери аткезчилик менен кирип жатат деп айттык. Эгер бул чын болсо, чара көрүүлөрүн өтүндүк. Орусияда млн тонна кумшекер профицит болуп жатат. Анализ кылып көрсөк, ал жерде 22 сом 50 тыйын болуп жатат. Андан сырткары Казакстандан кроссфиттен (жасалма) өндүрүлгөн кумшекерди кант кызылчадан өндүрүлгөн деп алып келип сатып жатышат. Ошого байланыштуу баа аябай түшүп кетти. Бизде сатыкта 1 кг 37 сомго чейин турса, биз аларга 33 сомдон сатып жатабыз.

Заводго кызылчаны кабыл алуу башталды. Бир гана Жайыл менен Панфилов райондорун 1-октябрдан баштап кабыл алабыз. Калганы келип жатат. 14-сентябрдан баштап бүгүнкү күнгө чейин 40 миӊ тонна кабыл алынып, анын 30 миӊ тоннасы иштетилип кумшекер болду», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×