Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Чүй облусуСокулук району 22.09.2019 13:13 На русском

Сокулукта дыйкандар нааразычылык акциясына чыгышты

Turmush -  Бүгүн, 22-сентябрда Сокулук районунда дыйкандардын тобу нааразычылык акциясына чыгышты, деп билдирет аймактык кабарчы.

Дыйкандардын айтымында, алар «Кошой» кант заводу жазында түзгөн келишимди бузуп, жаңы келишимди киргизгенине нааразы.

«Кошой» кант заводу жазында биз өткөргөн кызылчанын 40%ын акчалай, калганын кумшекер түрүндө бермек. Бирок учурда ал келишимди жокко чыгарышып, 28% акчалай, калганы кумшекер беребиз деп жатышат. Бул туура эмес. Мындай болсо дыйкандар кант кызылча айдабай калышат. Анткени көбү насыя алып, иштетип келишет. Мындай жол менен дыйкандардын чыгымы акталбай калат», - дешти алар.

Ал эми Сокулук райондук агрардык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Жолдош Ахмедакунов дагы бул келишим туура эмес экенин билдирди.

«Завод келишимди өзгөртүүдө дыйкандардын кызыкчылыгын ойлош керек эле. Тилекке каршы, завод менчик болгону үчүн биз бул маселеге кийлигише албайбыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×