Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Чүй облусуСокулук району 20.09.2019 13:11

Сокулукта 30 окуучу жугуштуу ооруга кабылдыбы? Жергиликтүү бийликтин жообу

Turmush -  Социалдык тармактарга Сокулук районунун Кызыл-Туу айыл аймагында жайгашкан С.Абдылдаева атындагы орто мектебинде 30 окуучу жугуштуу ооруга кабылып, бирок мектеп директору бул фактыны жашырып жаткандыгы тууралуу маалымат таратылып жатат. Аймактык кабарчы бул маалыматтын чын-төгүнүн билүү үчүн Кызыл-Туу айыл аймагынын башчысы Замир Нурманбетовго кайрылды.

Ал тиешелүү текшерүү иштери жүргөнүн билдирди.

«Биз тиешелүү кызматкерлерди чакырып, текшерип бергиле дегенбиз. Алар жайкы каникул учурунда айылдагы бир-эки көчөнүн балдары бул ооруга чалдыккан деп айтышты. Башында суудан болгон деп чыгышкан. Биз сууну да текшерткенбиз. Суу таза чыккан. Бул оору жайкы мезгилде гигиенаны сактабай, таза эмес жүргөндүктөн бири-бирине жуккан. Азыр айылда ооругандар азайып калды», - деди ал.

Ал эми Саадаш Абдылдаева атындагы орто мектебинин директору Ирина Жолдошеванын айтымында, окуучулар жайкы каникулда сарык менен ооруган.

«Жайкы каникул учурунда айылда сарык оорусу жүргөн экен. Ооруган балдардын төртөө Сокулук райондук аймактык ооруканасында дарыланып жатышат. Бир окуучубуз 1-сентябрь күнү келип, эртеси келбей калды. Көрсө сарык менен ооруп, дарыланып калыптыр. Көчөдө ойноп жүргөндө бири-бирине жукса керек. Аны билип-билбей туруп мектепти каралаган туура эмес. Ал маалыматты ким чыгарганын, айылдан туура эмес маалыматты ким бергенин билбей жатам.

Бүгүн, 20-сентябрда эртеӊ менен жергиликтүү кеңештин депутаттары келип, ашканабызды текшерип кетишти. Биз долбоор менен иштейбиз. Алар дайыма келип текшерип турушат. Биз дагы коридор, эшиктердин туткаларын хлор менен жууп турабыз. Хлор менен жуулган таза майлыктарды эшиктердин туткаларына ороп койдук», - деди ал.

Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн маалыматына караганда, С.Абдылдаева атындагы орто мектебинде 1039 окуучу билим алат. Башталгыч класстардын 451 окуучусу ысык тамак менен камсыз болгон. Азыркы күндө 4 окуучу сарык оорусу менен ооруканада дарыланып жатышат.

Ысык тамак берүү Япониянын жана «Өнүктүрүү демилгелеринин агенттиги» коомдук фондунун колдоосу менен ишке ашырылып келет.

«Бул мектеп БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана «КРдин мектеп тамак-ашын оптималдаштыруу» долбооруна кирген. Бүгүн айылдагы дарыгерлер келип, окуучулар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×