Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Чүй облусуСокулук району 18.09.2019 13:16

Сокулукта шахмат жана шашки боюнча турнир уюштурулду

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районунда балдар үйүндөгү жана мектеп-интернаттагы тарбиялануучулар арасында шахмат, шашки боюнча турнир уюштурулду, деп билдирди аймактык кабарчы.

Турнир БУУнун Баланын укуктары жөнүндө конвенциясынын 30 жылдыгына жана анын Кыргызстанда ратификацияланганына 25 жыл болгондугуна карата өттү.

Шашки боюнча балдар арасында өткөн мелдеште 1-орунду Эрмамат Кошоков, 2-орунду Адис Курманбеков, 3-орунду Эрбол Пазылов алса, кыздар арасында 1-орунду Нарынбек кызы Зарина, 2-орунду Айзирек Эсенова, 3-орунду Айжан Ашураева ээледи.

Шахмат боюнча балдар арасында өткөн мелдеште 1-орунду Евгений Буданов, 2-орунду Максим Мутьянов, 3-орунду Азирет Асантаев алса, кыздар арасында 1-орунду Фатима Нарынбекова, 2-орунду Жанат Аксыбекова, 3-орунду Мерует Смамбекова жеңди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×