Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Чүй облусуСокулук району 13.09.2019 17:58

Маловодное айылындагы ата-энелер мектепте акча чогултууга каршы

Turmush -  Бүгүн, 13-сентябрда Сокулук районундагы Маловодное орто мектебинде ата-энелер чогулуп, мектепте мыйзамсыз акча чогултуулар болуп жатканын айтып чыгышты.

Алардын айтымында, майда-чүйдө иштерге бир топ каражаттар чогултулуп жатат.

«Менин балам 9-класста окуйт. Мурун 500 сомдон берчүбүз. Азыр фондго 500 сом, классты оңдоп-түзөөгө 600 сом, бак тиккенге жана башка майда-чүйдөлөрүнө акча алышат. Быйыл мектептин оңдоо иштерин ата-энелер жасашты. Көп балалуулар акча төлөй албайбыз. Фонддон бошоткула десек, директор «мен силерди 4-5 бала төрөгүлө дедим беле, төлөйсүңөр» деп төлөттү. 30-августта фондго акча төлөмөйүн китеп бербейбиз деп китеп беришкен жок», - деди ата-энелердин бири.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×