Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Чүй облусуСокулук району 13.09.2019 16:58 На русском

Түркстан арчасына баруу үчүн 2800 долларга тик учак жалдаган адам. Чүйдөгү окуянын чоо-жайы

Белогорка капчыгайы
Белогорка капчыгайы

Turmush -  Сокулук райондук соту дарактын өзгөчө баалуу деп эсептелген түрүн — Түркстан арчасын кыюу боюнча кылмыш иштин материалдарын карап чыкты.

Изат (аты өзгөртүлдү, М.И.А.), Арман (аты өзгөртүлдү, М.А.Ю.) жана Айбекке (аты өзгөртүлдү, М.А.Б.) Кылмыш-жаза кодексинин 279-1-беренесинин 1-бөлүмү, 2-бөлүмүнүн 2-3-пункттары боюнча (өзгөчө баалуу дарактарды (жаңгак жана арча) кыюу, өстүрбөй зыян келтирүү, ташуу, сатып алуу жана сатуу, даярдоо, пайдалануу, буюмдарды жасоо, экспорттоо) айып тагылган.

2016-жылы май айынын башында дарактын өзгөчө баалуу деп эсептелген түрүн сатуу максатында Түштүк Кореянын жараны менен алдын ала келишим түзүшкөн. Андан кийин жумушчуларды жалдап, аларды Фрунзе токой чарбасына тиешелүү Белогорка капчыгайына алып барышкан. Жумушчулар 15 түп Түркстан арчасын казып, ташууга даярдашкан. Андан соң Айбек туристтик фирманын директорун көндүрүп, ага Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин лицензиялык-уруксат берүү комиссиясынын төрагасынын орун басары М.О.нун мурун «Жашылдандыруу» муниципалдык ишканасынан сатып алган арчанын көчөттөрү боюнча катын берип, аталган кат Түркстан арчасын ташууга уруксат берген документ деп айтып, туристтик фирма менен Сокулук районунун аймагына учуп баруу, ошондой эле арчанын көчөттөрүн ташуу үчүн тик учакты ижарага алуу боюнча келишим түзгөн.

Тергөө иштеринде маалым болгондой, 2016-жылы 25-майда Изат «КамАЗ» унааларынын айдоочуларын жалдап, айылдан отун ташып келебиз деп аларды айылга чейин коштоп барган. «МИ-8» тик учагы менен Белогорка аймагындагы тоодон алдын ала казылган 5 түп өзгөчө баалуу бактарды түшүрүшкөн. Андан кийин жүк ташуучу унаага жүктөшкөн. Ошол учурда айдоочулар ачууланып башташкан. Бирок Изат тиешелүү уруксат документтери бар экенин айтып, аларды ишендирген. Көп өтпөй аларды жергиликтүү тургундар менен Сокулук РИИБдин кызматкерлери кармашкан.

Улуттук илимдер академиясынын П.А.Ган атындагы Токой институтунун илимий кызматкерлеринин аныктамасы боюнча, Түштүк Кореяга жиберүү үчүн Чүй облусунун Фрунзе токой чарбасынын Сокулук токойчулук чарбасынын аймагынан казылган бактар дарактардын эндемикалык түрүнө кирген бактар болгон. Жергиликтүү аталышы — Түркстен арчасы, жашы — 620 жыл, көбүнчө Кыргызстандын түштүгүндө өсөт. Адистердин айтымында, бул бактар экологиялык чөйрөдө чоң роль ойношот. Топуракты эрозиядан (суу менен шамалдын таасиринен топурактын үстүңкү катмарынын желип бузулушу) сактап, 1000 жылга чейин өсүшү мүмкүн.

Сот отурумунда айыпталуучу Изат күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алып, экинчи айыпталуучу Армандын уулу экенин билдирди. Өзүнүн айтымында, ал ошол учурда Александровка айылында жалданма жумуштарда иштечү. Окуя болгон күнү ага Түштүк Кореянын жараны келип, отун ташып келип берүүнү суранган. Ал макул болгон, бирок башка жүк ташуучу унаалардын айдоочулары макул болушкан эмес. Изаттын айтымында, отундарды Төш-Булак айылынан жүктөп келүү керек болчу. Ал эртеси күнү бир тууганынын унаасын айдап, Төш-Булак айылына түшкө маал жеткен. Ал жерде отундар жүктөлгөн 2 жүк ташуучу унаа (чиркегичтери менен) болгон. «КамАЗ» унаасынын бир айдоочусу ага бактарды жүктөөгө болбой турганын, бирок аларга бактар отун катары жүктөлүп жатканын айтышканын билдирген. Изаттын айтымында, Түштүк Кореянын жараны жүк ташуучу унаалардын 3 айдоочусуна 10 миң сомдон бермек.

Айыпталуучу Арман дагы күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алып, ага уулу телефон чалганын жана «КамАЗды» ижарага алып, Төш-Булак айылына барганын билдирди. Ал барганда Төш-Булак айылында кимдер болгонун унутуп койгонун, уулунан ал жерде эмне болуп жатканын сураганын билдирди. Андан кийин үйүнө кайтып, уулуна дагы телефон чалып, үйгө кайт деп айтканын кошумчалады. Бирок түн ортосунда ага уулу телефон чалып, милиция тарабынан кармалганын билдирген. Арман РИИБге барып, унааны алып кеткен. Ал эми документтер тууралуу эч нерсе билбей турганын айтты.

Айыпталуучу Айбек өзүнүн күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алды. Ал бактарды кыюу жана ташууга катышпаганын жана бул тууралуу билбегенин билдирди. Бул боюнча Айбек кийинки күнү ага телефон чалып, ИИБдин кызматкерлери жашоочуларды кармашканын айтканда билген. Ал тик учакты ижарага алуу ишин макулдашып берген. Кызмат акысын алар төлөп беришкен, бирок Айбек бул үчүн акча алган эмес. Ошол убакта ал туристтик фирмада иштечү. Анын негизги катасы Түштүк Кореянын жарандары менен келишим түзбөгөнүндө. Башында эле бул жарандардын максаты эски, куурап калган бактарды «эстетикалык максаттар» үчүн чыгаруу эле. Ал туристтик фирмада иштегендиктен арчаларды Кореяга жөнөтүүнү андан суранышкан.

Айбектин айтымында, арчаларды ал «Жашылдандыруу» ишканасынан сатып алган, бардык инстанциялардан өткөн жана документтерди дагы өткөргөн. Андан кийин бир аялга ишеним кат жазып, бардык документтерди ага өткөрүп берген.

«Жашылдандыруу» ишканасынан сатып алынган арчалардын баасы 1500 сом болгон.

Документтерди макулдашуу кандай жүргөн?

Айбектин айтымында, ал Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигине кайрылып, арчаларды чыгарууга уруксат алган. Андан кийин Айбек Экономика министрлигине барган, алар уруксат беришкен. Андан кийин Соода палатасына керектүү каражатты төлөгөн. Андан соң ал бардык документтерди Түштүк Кореянын жарандарына берген. Ошондон кийин бул документтерди көргөн эмес.

Айбек тик учакты саатына 2800 доллар төлөп ижарага алган. Акысын Кореянын жарандары төлөшкөн.

Түркстан арчасы бадал эмес, дарак болуп эсептелет. Адистер да аталган дарактар Түркстан арчасы экенин тастыкташты.

Дарактарды суулардын жана зоолордун ортосундагы тоого көмүшкөн. Ал жакка жетүү оңой эмес.

Сотто буга катар эле отургузулган 5 дарак куурап калганы такталганы айтылды. Калгандарында да оору пайда болгон.

Сотто айыпталуучулардын жактоочусу ишти өндүрүштөн кыскартып, жабырлануучунун өкүлүнүн арызын канааттандыруусуз калтырууну суранды. Тергөөчү менен жабырлануучунун өкүлү материалдык зыяндын орду толтурулбагандыгын айтып, нааразычылык билдиришти.

Иштин материалдары каралып, айыпталуучулар кылмыш жоопкерчилигинен бошотулду.

Чечим 3-сентябрда кабыл алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×