Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Чүй облусуСокулук району 13.09.2019 15:55

Военно-Антоновкадагы ата-энелер мектептеги акча чогултууга каршы жыйынга чогулушту

Turmush -  Бүгүн, 13-сентябрда Сокулук районундагы Военно-Антоновка орто мектебинде ата-энелер чогулуп, мектепте мыйзамсыз акча чогултуулар болуп жатканын айтып чыгышты. Аталган жыйналышка Военно-Антоновка айыл өкмөтүнүн башчысы Нурсуланбек Бөкөмбаев, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана ата-энелер катышты.

Ата-энелердин бири Каныбек Көчөрбаев быйыл кызы 1-класска киргенин, мектепке бир топ каражат төлөгөнүн айтты.

«Мен быйыл кызымды 1-класска алып келдим. Бул мектепке киргенде эле 500 сом алышат экен. Андан сырткары фондго 200 сом, кароолчуга 360 сом, пол жууган жумушчуга 150 сом, мындан тышкары майда-чүйдөлөргө дагы акча чогултуп жатабыз. Бирок бул каражаттар өз багытында жумшалбай жатат. Мындай мыйзамсыз акча чогултууга каршыбыз», - деди ал.

Мээрим Мамбеталиева 9-классты бүткөн уулунун мектебине 1000 сом бере албай, баласы ушул күнгө чейин күбөлүгүн албай жүргөнүн айтат.

«Менин 2 балам окуйт. Уулу балам 9-классты бүткөндө күбөлүгүнө да 1000 сом бергиле, андан кийин беребиз дешкен. Быйыл ал балам 11-класс. Ушул күнгө чейин беришкен жок. Батирде жашайбыз. Мектепте акча чогултууларга каршыбыз.

«Келечек» деп фонд түзүп алышкан. Ал фонддогу акчаны оңдоо иштерине деп алышат. Бирок мектепте эч кандай оңдоо иштери болгон жок. Дааратканасы жаман абалда. Балдарыбыз жийиркенип араң киребиз дешет. Качан экени так эсимде жок, бир жолу 1-класста окуган окуучу дааратканага түшүп кетип, алып чыгышкан.

Кароолчуга 360 сом, пол жууган жумушчуга 150 сом, тамакка 150 сом, класстык фондго 360 сом беребиз. Китепке 350 сом берип, 2 китеп алдык. Ашканада болсо балдарыбыз желим идиш менен тамак жешет. Аларга катып калган булочкаларды да беришет», - деди ал.

Мектептин ажатканасы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×