Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Чүй облусуСокулук району 13.09.2019 09:35 На русском

Сокулуктагы жармаңкеде «такси» араба айдагандар канча сом табышат?

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районунда ар бир аптанын жекшемби күндөрү «Байыш» базарынын жанында азык-түлүк, жашылча-жемиштер, кийим-кече, тиричилик шаймандардын жармаңкеси өтүп турат.

Бул жармаңкеге айыл аймактардагы тургундар эски оокаттарын, ал эми дыйкандар жашылча-жемиштерин алып чыгышат. Мындан тышкары кардарлардын сатып алган оокаттарын үйүнө же унаасына чейин жеткирүү үчүн кол араба менен жумушчулар дагы чыгышат. Алар эртеден кечке чейин иштеп, 500 сомдон 1000 сомго чейин акча таап алышат. Алардын айтымында, жүктүн оордугуна жана жолдун алыстыгына жараша 20 сомдон 100 сомго чейин акы алышат. Айрымдары кол арабасынын капталына «такси» деген сөздү жазып алганын да көрсө болот.

Жашылча-жемиштердин баасы:

- Калемпир 25-35 сом;

- Помидор 15-30 сом;

- Бадыраң 40 сомдон жогору;

- Картошка 10-25 сомго чейин;

- Пияз 15-25 сом;

- Капуста 1 кг 30 сомдон жогору;

- Дарбыздын бир даанасы (орточо) 50 сом.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×