Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Чүй облусуСокулук району 12.09.2019 16:19

Калысты уруп алган спортчу Абайдын окуясы. Сүрөт

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районундагы Шалта айылынын 17 жаштагы тургуну Абай Жылдысов 9 жашынан баштап спорт менен алектенип келет. Алгач самбо, сууда сүзүү, кийин муай-тай менен машыккан. Ал эр таймаш боюнча дүйнө чемпионатынын катышуучусу, эр таймаш боюнча спорт чеберине талапкер болгон. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Спортко 9 жашымдан баштап аралаша баштадым. Алгач мени ата-энем самбого алып барышкан, бирок ал спортто көпкө кармалган жокмун. Ал жактан кеткен соң сууда сүзүү боюнча ийримге барып жүрдүм. 13 жашыман баштап муай-тай менен машыга баштадым. Андан кийинки жылы, тактап айтканда 14 жашымда эр таймаш менен машыгып баштагам.

Мелдештерде көп эле кызыктуу окуя болот. Эсимде калгандарын айтып берейин, 2016-жылы Ысык-Көлдө өткөн эл аралык мелдеште казакстандык атаандашым менен алтын үчүн мушташып жаткам. Аябай берилип кетип ортодогу калысты уруп алгам. Аябай ыңгайсыз абалда калгам. Ошондой эле окуя 2018-жылы Ош шаарында өткөн республикалык мелдеште да кайталанган. Азыр эстесем бир жылмайып алам.

Спорттун арты менен көп ийгиликтерге жетиштим. Дүйнө чемпионатынын катышуучусу, эр таймаш боюнча спорт чеберине талапкер болдум. Эми дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү болгум келет», - деди ал.

Жылдысов 2002-жылы 23-июлда Бишкек шаарында төрөлгөн.

«Үч бир тууганмын, ата-энем менен чогуу жашайбыз. 2008-жылы Бишкек шаарындагы Алыкул Осмонов атындагы №68 мектеп-гимназиясына биринчи класска баргам. Ал мектепте 2017-жылга чейин билим алдым. 2017-жылы жеке мектепке киргем. 2019-жылы мектепти аяктап, Кыргыз-түрк «Манас» университетине тапшыргам», - деди ал.

Спортчу бош убактысында ат мингенди жакшы көрөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×