Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Чүй облусуСокулук району 12.09.2019 08:34 Жаңыланды: 12.10.2019 15:09 На русском

Айыл турмушу: Сокулуктук окуучу гиссар кочкорлорун 10 000 сомдон сатат

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районунун 14 жаштагы тургуну Арса Умар-Али беш жылдан бери гиссар койлорун багып келет. Анын чоң атасы жана атасы мал чарбачылык менен алектенип келишкен. Аймактык кабарчы жаш фермер менен таанышты.

«Бул мал чарбачылык менен чоң атам, андан соң атам алектенип келген. Мен дагы аталарымдын жолун улап, 5 жылдан бери гиссар койлорун багып келе жатам. Аз, бирок саз болгон асыл тукум мал-жандыгын багып өстүрүү пайдалуу. Мисалы, мен жылына чоң-чоң кочкорлордон төрт-бешөөнү гана сатам. Ар бири 10 миң сомдон жогору бааланып сатылат. Бир убакта Император аттуу эң чоң кочкорубуз болгон. Аны атам канчага сатканын билбейм, анда мен кичинекей болчумун. Бир билгеним, ал кочкордун боюнун бийиктиги 105 см, узуну 1,45 метр болчу. Абдан чоң кочкор эле. Аны козу кезинде Аравандан алып келишкен. Кийин чоң кочкор болгондо казак ишкерлерине сатышкан», - деди ал.

Арса Умар-Али 2005-жылы Сокулук районунда төрөлгөн.

«Азыр мектепте билим алып жатам. Келечекте ушул гиссар жана Романов тукумундагы койлорду көбөйтсөм деген тилегим бар», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×