Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Чүй облусуСокулук району 10.09.2019 15:07 На русском

Сокулукта аскер бөлүктүн командири мас абалда унаа башкарууга шектелип кармалды

Turmush -  Токмок шаарындагы атайын багыттагы аскердик бөлүктүн командири мас абалда кызматтык унаа башкарууга шектелип кармалды. Бул тууралуу өздүк булактар маалымдашты.

Ал эми Чүй ОИИБдин ЖКККБнын басма сөз кызматы бул маалыматты тастыктап, окуя 7-сентябрда Сокулук районунда болгонун билдирди.

«7-сентябрь күнү Сокулук районунун ЖКККБнын кызматкерлери шектүү унааны токтотушкан. Анда айдоочу — 1977-жылы туулган Ж.О. аттуу жаран болгон», - деп билдиришти аталган түзүмдөн.

Айдоочунун алкоголдук ичимдик ичип же ичпегени боюнча тиешелүү экспертиза дайындалып, автоунаа убактылуу токтотуучу жайга токтотулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×