Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Чүй облусуСокулук району 28.08.2019 17:23 На русском

Сокулукта уулунун үйүнө айылчылап келген баткендик чоң ата жоголду

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районундагы Орок айыл аймагына караштуу Селекция айылында 78 жаштагы Ташполот Сатыбаев 2 күндөн бери изделүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчыга анын уулу билдирди.

WhatsApp Image 2019-08-28 at 16.36.11

Ташполот Сатыбаев аталган айылдагы уулунун үйүнөн чыккан бойдон кайра кайтып барган эмес.

«Атамды акыркы жолу көргөндөр кичи автобуска түшүп жаткан дешти. Бирок кайсы автобус экенин так билбей жатышат. Айрымдары №130 десе, кээ бири №135 автобус дешүүдө. Андан ары Кичи Жал районунан көргөндөр болуптур. Атам Бишкекти жакшы билбейт. Ал Баткенден биздикине конокко келгенине бир ай эле болгон. Милицияга арыз жазылды. Өзүбүз да издеп жатабыз», - деди ал.

Сатыбаев Баткен облусунун Лейлек районунда 1941-жылы төрөлгөн.

Кийген кийимдери: ак түстөгү баш кийим, оймосу бар көк чыптама, спорттук шым.

Аны көргөн-билгендер 0772 937510, 0709 64 74 84 номурлары менен байланышса болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×