Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Чүй облусуСокулук району 26.08.2019 10:55 На русском

Искендер Өскөмбаев Сокулуктун акимчилигинин аппарат жетекчиси болду

Руководитель аппарата администрации Сокулукского района Искендер Оскомбаев
Руководитель аппарата администрации Сокулукского района Искендер Оскомбаев
// Turmush

Turmush -  29 жаштагы Өскөмбаев Искендер Эралиевич Чүй облусунун Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси болуп келди.

Искендер Өскөмбаев Чүй облусунун Москва районуна караштуу Александровка айыл аймагынын Беш-Корук айылында 1990-жылы туулган.

Үй-бүлөлүү, 2 уул, 1 кыздын атасы.

Билими:

- 2006-2009-жылдары А.Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык техникуму. Квалификация: өнөр жай боюнча финансист. Адистик: Бюджет жана бюджеттик эсеп;

- 2010-2014-жылдары Социалдык өнүктүрүү жана ишкерлик институту. Квалификация: экономист. Адистик: Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит;

Эмгек жолу:

- 2010-2013-жылдары Ленин райондук каржы бөлүмүндө адис;

- 2013-2015-жылдары Бишкек шаарынын мэриясындагы экономика, каржы жана муниципалдык жеке менчик бөлүмүнүн башкы адиси;

- 2016-жылдан тарта Каржы министрлигинин Ленин райондук башкармалыгынын башкы адиси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×