Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Чүй облусуСокулук району 26.08.2019 09:21

Жаңы-Пахта айылынын спортчулары кулатуу эр таймаш мелдешинде 14 медаль утушту

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Жаңы-Пахта айылындагы «Самбочулар» спорт клубунун спортчулары кулатуу эр таймаш мелдешинде 14 медалга ээ болушту. Бул тууралуу аймактык кабарчыга машыктыруучу Бобиржан Жиенбаев билдирди.

Анын айтымында, мелдеш 23-25-август күндөрү Бишкек шаарында Темир Турусбековдун жаркын элесине арналып өткөрүлдү. Мелдешке Жаңы-Пахта айылынан 15 спортчу барган.

«Мелдештин жыйынтыгында биздин спортчулар 14 медаль алышты. Тактап айтканда, 1-орунду 8 спортчу, 2-орунду 6 спортчу жеңип алды. Ошентип командалык эсеп менен дагы 1-орунду алдык. 1-орунду бизден 8 спортчу, «Горец» клубунан 4 спортчу, «Жолборс тим» клубунан 3 спортчу, «Универсал» клубунан 2 спортчу, «Боец» клубунан 2 спортчу, «Eagles ММА» клубунан 2 спортчу алса, төрт тайпанын спортчулары 1-орунга илинишкен жок. Акыркы 3 жылда алгачкы жолу биздин спортчулар тайпасы менен бирге жеңишке жетишти», - деди Б.Жиенбаев.

Мелдешке 8 жаштан 32 жашка чейинки спортчулар катышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×