Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Чүй облусуСокулук району 21.08.2019 10:35

Сокулуктун Төмөнкү Чүй айылында кыздар арасында футбол мелдеши уюштурулду

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Төмөнкү Чүй айылында мектеп курактагы кыздар арасында футбол мелдеши өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Жаннат Миңжигитова билдирди.

Анын айтымында, турнирде 6 команда күч сынашты. Жыйынтыгында 1-орунду Токтогул районунан келген кыздар жеңип алса, 2-орунду Төмөнкү Чүй айыл аймагынын кыздары, 3-орунду Камышановка айыл аймагынын кыздары жеңди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×