Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Чүй облусуСокулук району 19.08.2019 15:05

Айыл турмушу: Тойгонбек аскерден келер менен эр таймаш боюнча өлкөнүн чемпиону болгон

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Шалта айылынын 24 жаштагы тургуну Жеңишбек уулу Тойгонбек эр таймаш жана кикбоксинг менен 12 жашынан баштап машыгып келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«2016-жылы аскерден келип эле эч даярдыгы жок эр таймаш боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионатын утуп алдым. Ал мелдеште 7 атаандаш менен күч сынашкам. Аскерде 2015-2016-жылдары кызмат өтөдүм. Спорттук ротада кызмат кылдым. Машыктыруучум Урмат Токталиевдин үйрөткөнү менен эр таймаш боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионатын 4 жолу жеңип алдым жана Ташкент шаарында өткөн Азия биринчилигинде күмүш медалды багындыргам. Ушул эле спорт менен Дүйнө чемпионатынын 2 жолку катышуучусу болгом», - деди ал.

Жеңишбек уулу Тойгонбек 1995-жылы Сокулук районунун Шалта айылында төрөлгөн.

«Азырынча бойдокмун. Шалта айылындагы Д.Дооронбеков атындагы орто мектебин бүтүрүп, Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетине баргам. Азыркы учурда 3-курстун студентимин. Ага удаа укук коргоо органдарында иштеп келем. Бош убакытымда интернетте отурууну жана китеп окууну жактырам», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×