Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Чүй облусуСокулук району 17.08.2019 15:29 На русском

Айыл турмушу: Аскер кызматкери М.Черикбаевдин спорттогу ийгиликтери

Turmush -  Бир кезде Сокулукта популярдуу болгон эр таймаш секциясына көпчүлүк менен чогуу барып калган Шопоков шаарынын 26 жаштагы тургуну Максат Черикбаев бүгүнкү күндө спортто көптөгөн ийгиликтерди жаратып, ушу-саньда боюнча Кыргызстандын спорт чебери жана эр таймаш боюнча эл аралык класстагы спорт чебери болду. Кыргыз юридикалык академиясынын сот жана прокуратура факультетин аяктап, аскерде кызмат өтөп жаткан Максат Черикбаев менен аймактык кабарчы таанышты.

«Мен спортко мектеп курагымда аралаштым. Тактап айтканда, 6-классыман тарта эр таймаш жана ушу-саньда менен машыгып келем. Ошол мезгилдерде Сокулук районунда эр таймаш секциясы аябай популярдуу болуп жаткан. Көп балдар барчу. Мен дагы жоро-жолдошторум менен бирге машыгууга барып калдым. Кудайга шүгүр, спортто бир топ ийгиликтерге жетиштим. Эр таймаш боюнча 2017-жылы Москва шаарында жана 2019-жылы Санкт-Петербургда өткөн дүйнө чемпионаттарында 2 жолу коло медалын жеңип алгам», - деди ал.

Спортчу 1993-жылы Нарын облусунун Ак-Талаа районунда төрөлгөн.

«Үй-бүлөдө 4 бир туугандын кичүүсүмүн. Билимим жогорку, Кыргыз юридикалык академиясынын сот жана прокуратура факультетин 2012-2015-жылдары оугам. Учурда Кыргыз Республикасынын коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин аскердик спорттук клубунда кызмат кылып жатам. Азырынча сержант чиним бар. Кудайым буюрса, келечекте спортто жана аскер кызматында көптөгөн ийгиликтерге жетип, элиме ак кызмат кылган офицер боломун. Убактым болуп калса жаш өспүрүмдөрдү спорт менен машыктырганды жакшы көрөм», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×