Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Чүй облусуСокулук району 13.08.2019 14:40

Сокулуктагы 230 окуучу Ысык-Көлдө эс алышты

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районундагы аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдары жана жакшы окуган окуучулар жайкы лагерде эс алып келишти. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Маалым болгондой, айыл өкмөттөр атайын каражат бөлүп, жалпы 230 окуучу Ысык-Көлдө эс алган.

«Андан сырткары мектеп алдында түзүлгөн жайкы лагерлерде 1393 бала эс алды. Учурда Военно-Антоновкадагы балдар үйүндө тарбияланган өспүрүмдөр дагы Ысык-Көлдө эс алып жатышат», - деп билдиришти аталган түзүмдөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×