Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Чүй облусуСокулук району 08.08.2019 17:25

Сокулуктагы дыйкандар буудайдын жаңы сортторунан жакшы түшүм алышты

Turmush -  Сокулук районунда Россиядан жана Канададан алынып келген дан эгиндердин жаңы сорту өзүнүн түшүмдүүлүгү жогору экенин көрсөттү. Бул тууралуу Сокулук райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Жолдош Ахмедхунов билдирди.

Анын айтымында, жаңы сорттордон дыйкандар гектарына 6 тоннадан 8 тоннага чейин түшүм алышты.

«Биздин район кылкандуу дан эгиндеринин аянты жана түшүмдүүлүгү жагынан бир гана облус боюнча эмес, бүтүн республика боюнча сап башында турат. Быйыл биздин райондо 28 миң гектарга буудай, 24 миң гектарга арпа эгилген. Учурда арпа толугу менен жыйналып бүтсө, буудай аз калды. Кудайга шүгүр, өрт кырсыгына кабылган жок. Чабылгандан кийин самандар күйүп кеткен фактылар бар.

Дыйкандар мурунку сорттогу үрөндөр менен орточо эсептегенде гектарына 2,7тонна арпа, 2,8 тонна буудай түшүм алышса, быйылкы Россиянын жана Канаданын сортторунан 6 тоннадан 8 тоннага чейин түшүм жыйнап алышты», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×