Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Чүй облусуСокулук району 31.07.2019 11:33

Ката жазгандардын айынан өзгөчө ысымга ээ болгон Абдышов

Turmush -  Ленинбек Абдышов (документ боюнча Ленбек) 1973-жылы 22-апрелде төрөлгөн. Анын атын 45 жыл музыка мугалими болуп эмгектенген атасы Аман Абдышов койгон. Аймактык кабарчы өзгөчө ысымдын ээси менен таанышты.

«Атам тирүү кезинде атымды кызыгып сурап калдым. Анын көзү өтүп кеткенине 13 жыл болду. Документте атым Ленбек деп жазылган. Атам мени карап туруп, «сенин атыӊ Ленбек эмес, Ленинбек. Туулгандыгыӊ жөнүндөгү күбөлүккө туура эмес жазып коюшуптур. Досум экөөбүз койгонбуз. Анткени 22-апрель күнү төрөлгөнсүӊ» деген. Документтерге Ленбек деп жазылат, бирок өзүмдү тааныштырганда Ленинбек деп айтам.

Атам өзү музыкант болчу. «Эмгек сиӊирген мугалим» деген наамды алган. Бул тармакта 45 жыл иштеди. Атамдын жолун жолдоп, мен да ушул чыгармачылык менен алектенип келе жатам. Апам болсо партия кызматкери болгон», - деди ал.

Ленинбек Абдышов үй-бүлөдө 10 бир туугандын төртүнчүсү.

«Өзүм Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Түйтө айылынан болом. 10 бир туугандын төртүнчүсүмүн. Өзүм үй-бүлөлүүмүн, 2 уулум, 3 кызым бар. Улуу балам 27 жашка, экинчиси 21 жашка чыкты. 18 жаштагы, 9 жана 5 жаштагы кыздарым бар.

Музыкалык педагогикалык училищада 1993-жылдан 1996-жылга чейин окугам. Андан кийин Искусство институтун бүтүргөм. Окууну аяктагандан кийин «Дордой» ансамблин жетектеп жүрдүм. Чүй облустук ансамблинде он жылдай иштедим. «Ысык-Ата—Арашан» ансамблинде ырчы А.Нарбаевалар менен 3 жылдай чогуу иштедим. Ал ортодо музыка мугалими болуп да эмгектендим. Азыр «Таберик» ыр-бий ансамблинде вокал жана хордон сабак берем.

«Маданияттын мыкты кызматкери» наамы, премьер-министрдин ардак баракчалары менен сыйлангам», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×