Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Чүй облусуСокулук району 28.07.2019 19:06

Дзюдочу Чыңгыз Сагыналиев Азия чемпионатында алтын тагынды. Видео

Turmush -  Сокулук районуна караштуу Белек айылынын 17 жаштагы тургуну Чыңгыз Сагыналиев дзюдо боюнча Кытайдын Тайбэй шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында алтын медаль тагынды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга анын апасы Замира Сагыналиева билдирди.

«Менин балам бул мелдешке 60 кг салмакта чыккан. Алгач австриялык спортчу менен беттешип, аны 59 секундда жеӊди. Андан соӊ, жарым финалда Монголиядан келген дзюдочуну жеңди. Алтын медаль үчүн ирандык спортчу менен беттешип, аны 1 мүнөт 25 секундда жеӊип алды. Ошентип уулум Азиянын чемпиону болуп калды», - деди ал.

Чыңгыз Сагыналиев 11 жылдан бери дзюдо менен машыгып келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×