Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Чүй облусуСокулук району 27.07.2019 13:06 На русском

Айыл турмушу: А.Шаймергенов дүйнөлүк чемпионаттын финалында досу менен беттешкен

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районунун 17 жаштагы тургуну Арсен Шаймергенов 8 жашынан баштап спорт менен машыгат. Ал дүйнөлүк мелдеште атаандаш болуп чыккан досу экөө бири-бирин жеӊе албай калган окуяны унута албайт.

«Мен 8 жашымдан баштап спортко аралаша баштагам. Ошондон тартып эле эр таймаш жана ушу-саньда менен машыгып келе жатам. Эр таймаш боюнча 2018-жылы Россиянын Тула шаарында өткөн дүйнө чемпионатында коло медалга ээ болсом, ушул эле спорттун түрү менен Кыргызстандын биринчилигин 4 жолу жеңип алгам. Ошондой эле эл аралык мелдештерде байгелүү орундарга ээ болгом. 2018-жылы спорт чеберине талапкер болдум.

Мелдеште көп эле кызыктуу окуялар болот. Акыркы окуялардан айтып берсем, 2019-жылы Кыргызстандын биринчилигинин финалында дос бала менен атаандаш болуп чыгып калганбыз. Ар бирибиздин өзгөчөлүктөрүбүз бар. Ал кол-бут менен жакшы сокку урса, мен күрөш жагынан мыктымын. Ошентип экөөбүз теӊ бири-бирибизди жеӊе албай, дүйнө чемпионатында коло медалга ээ болгонбуз», - деди ал.

Арсен Шаймергенов 2002-жылы Сокулук районунун Шалта айылында төрөлгөн.

«Үй-бүлөдө 4 бир туугандын ортончусумун. Бир эжем жана эки иним бар. Өзүм быйыл мектепти бүтүп Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясына тапшырдым. Кудайым буюрса келечекте машыктыруучу болом деген максатым бар», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×