Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Чүй облусуСокулук району 27.07.2019 11:19 На русском

Айыл турмушу: 17 жаштагы спортчу С.Базарбеков өзүнөн улууларды машыктырат

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районунун 17 жаштагы тургуну Сыймык Базарбеков курдаштарынан бою менен салмагы өтө эле кичинекей болгону үчүн спортко келген. Ал учурда эрежесиз эр уруш, микс силат, тай боксу, муай-тай аттуу спорттун түрлөрү менен мелдештерге чыгып, ийгиликтерди жаратууда. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Спортко келгенимдин бирден-бир себеби, кичинекейимде өзүм курактуу балдардан боюм дагы, салмагым дагы кичинекей болчу. Ошондуктан спортко келгем. Алгач 7-классымдан баштап кикбоксинг менен машыктым. Машыктыруучум Тахир Дүйшекеев болгон. Азыркы тапта Азиз Мухамбетов агайымдын колунда машыгып келем. Эмнегедир ата-энем спорт менен машыкканыма уруксат бергени менен мелдештерге чыгарышчу эмес. 2018-жылдан баштап уруксат беришти. Ошентип былтыр январь айында эрежесиз эр уруш боюнча мелдешке катышып, 1-орунду алдым. Ошол эле жылы март айында микс силат боюнча 1-орунду алсам, сентябрь айында тай бокстан чемпион болдум (56 кг жана 60 кг салмак боюнча). Азыркы учурда профессионалдык беттештерге чыгуудамын. Келечекте спорттун муай-тай түрү боюнча дүйнөнү багындырсам деген тилектерим бар. Кудайга шүгүр, бир дагы мелдештен жеӊилип көрө элекмин», - деди ал.

Сыймык Базарбеков 2002-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунда төрөлгөн.

«Үй-бүлөдө үч бир туугандын улуусумун. Менден кийин иним жана карындашым бар. 2003-жылы шаарга көчүп келгенбиз. 2018-жылы Сокулук районундагы орто мектепти бүтүп, азыркы учурда Кыргыз-Кувейт университетинде 2-курста окуйм. Ага удаа машыктыруучунун жардамчысы болуп иштейм. Өзүмдөн бир топ улуу байкелеримди машыктырып келем», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×