Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Чүй облусуСокулук району 23.07.2019 17:31 На русском

Жеңеке: Э.Каратаеваны эки жыл бою кыйнаган бир сөз

Turmush -  Сокулук районунун 31 жаштагы тургуну Элиза Каратаева жаңы келин болгондо «аке» деген сөздү көпкө айта албай жүргөн.

Ал Нарын облусунун Жумгал районунда 1988-жылы 10-февралда жарык дүйнөгө келген. Атасы Таяныч Каратаев кесиби боюнча инженер. Учурда айыл өкмөт башчысы. Апасы Тамара Ташкеева кесиби боюнча бухгалтер. Элиза Каратаева беш бир туугандын ичинен жалгыз кыз.

«Бош убактымда китеп окуйм. Волейбол ойногонго абдан кызыгам. Кесиптештер менен ойноп калабыз. Келечекте өз кесибимдин мыкты устаты болсом дейм. Кыргызстаныбыздын атын чыгарган татыктуу инсандарды тарбияласак деген аруу тилегим бар», - деди ал.

Каарманыбыз жолдошу менен университетте окуган тайпалаштары аркылуу таанышып калган.

«Жолдошум түштүктүн уулу болсо, мен түндүктүн кызы болом. Түндүк менен түштүктүн ынтымагын бекемдеп, экөөбүз бир үй-бүлө курдук. Жаӊы келин болуп барганда «ака» деп тергегеним эсимде калды. Кайнагаларымды «байке» десем, кайним бизде «аке дейт, аке деӊиз» деп аябай күлгөн. Мен болсо эки жылдай «аке» деп айта албай, кээде «аке», айрым учурларда «байке» деп жүрүп араӊ көнгөм.

Бактылуу үй-бүлөнү түзүү үчүн жубайлардын ортосунда тереӊ ишеним жана сабырдуулук болушу керек. Үй-бүлөлүк эрежелердин эӊ негизгиси деп ойлойм. Жаркын келечек үчүн талыкпаган эмгек, аракет жана чыдамкайлык керек. Өзүм үйдө татыктуу жар, кайын журтка жакшы келин, сүйүктүү эне болууга аракет кылам», - деди ал.

Элиза Каратаева мугалимдик кесипти аркалап жатканына 4 жылдын жүзү болгон. Бул аралыкта көптөгөн ийгиликтерди багындырган.

«2019-жыл мен үчүн ийгиликтүү жылдардан болду. Алгач мектеп ичиндеги «Жыл мугалими» сынагында баш байгени жеңип алдым. Андан соң Сокулук району боюнча өткөн сынакта да жеңүүчү болдум. Облустук сынакта «Эң мыкты сабак» деген номинацияга ээ болуп, грамота менен сыйландым. Ошондой эле Крупск айыл өкмөтү тарабынан ардак грамота тапшырылды. Мен үчүн бул сыйлыктар баа жеткис. Мындай иш-чаралардын өтүшү мугалимдик кесиптин баалуулугун көтөрүп, бизге окшогон жаштардын ишине дем-күч берет деп ойлойм.

Иш үстүндө көп эле кызыктуу окуялар болот. Анткени балдардын жан дүйнөсү ушунчалык таза, ар бир күн кызыктуу өтөт. Акыркы эсте калган окуя «Жыл мугалими» сынагында болду. Анда мен тааныбаган мектепке барып, окуучуларга сабак өттүм. Ошол окуучулар сабак бүткөндөн кийин мага келип, «сиз бизге абдан жактыңыз. Сабагыңыз сонун болду. Биздин мектепте иштебейсизби» деп айтышты. Алар мени кучактап сүрөткө түшкөндө өзүмдү бактылуу сезип кеттим. Дагы бир жолу кесибим менен сыймыктандым. Мен үчүн ал күндөр жакшы көз ирмемдер менен эсте калды», - деди жаш мугалим.

Ал 2010-жылы К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган.

«2005-жылы К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетине кабыл алынып, 2010-жылы филолог адистигине ээ болдум. Эмгек жолумду Шопоков шаарынын №2 гимназиясынан баштагам. Учурда Сокулук №2 орто мектебинде иштеп жатам. Жалпы эмгек стажым 4 жыл. Мугалимдик кесипти тандоого өзүмдүн кызыгуум себеп болду. Албетте, ата-энемдин колдоосу менен максатыма жеттим», - деди мыкты мугалим.

Ал эки кыз, бир уулдун энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×