Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Чүй облусуСокулук району 23.07.2019 13:30

«Аябай тарткыладыӊбы?»: Назима жеңеге кайын агасы жүгүнүп...

Таалайбек кызы Назима күйөөсү менен
Таалайбек кызы Назима күйөөсү менен

Turmush -  Сокулук районунун 22 жаштагы тургуну Таалайбек кызы Назима жолдошу Эмил Мүсүралиев менен бир жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп баш кошкон. Алар жакындары тарабынан табышкан.

«Негизи жолдошум Эмил менен мурдатан бери таанышпыз. Ал менин байкемдин досу болот. Ошондой эле жолдошумдун байкеси менен менин атам дагы дос болуп жүрүшкөн. Экөө мурун эле куда түшөлү деп айта беришчү. Мен жолдошума «Эмил байке» деп кайрылчумун. Экөөбүз спорт залга чогуу барып, таяк тартыш менен машыгып жүрүп, кыз-жигит катары сүйлөшүп кеттик. Бир жылдай сүйлөшүп жүрүп баш кошконбуз. Учурда бир кызыбыз бар. Жолдошум ак көӊүл, чечкиндүү, үй-бүлөсүн жакшы карайт жана бир тууганчыл.

Үйдө өзүмдү жакшы келинмин деп эсептейм. Апам (кайын энем) жакшы киши. Ал баарын түшүнүү менен карайт. Мен дагы анын ишеничин актап, аны сыйлаганга аракет кылам. Кайын эжем, кайын сиӊдилерим менен да жакшы мамиледемин.

Спортчунун жубайы болгон кээде оор. Ал көп мелдештерге алыс жактарга кетет. Күтөсүӊ, сагынасыӊ. Алыс кетиргиӊ келбейт. Бирок экөөбүз бири-бирибизге ишенебиз. Мен ичимден кетиргим келбей жатса дагы сыртымдан жолдошумду колдоп, «мелдештерге барып кел, ийгиликтүү кел!» деп дем берем», - деди каарманыбыз.

Назима жеӊе жаӊы келин болуп келгенде кайын агасы экөө бири-бирине жүгүнүшкөн.

«Жаӊы келин болуп келгенде бир-эки күндөн кийин "кайын агаӊа жүгүн" деп айтышты. Бир күнү кайын агам алдымдан чыгып калды. Мен ага жүгүнөйүн десем, менден мурун ал мага жүгүнүп жиберди. Ага "келиниң жүгүнөт" деп айтышыптыр. Бирок кайын агама "келиниӊе жүгүн" дегендей угулуптур. Ошентип экөөбүз бири-бирибизге жүгүндүк. Үйдөгүлөр күлүп жиберишкен.

Дагы бир окуя эсимден кетпейт. Уй сааганды билчү эмесмин. Бир күнү уй саап кел деп жиберишти. Биринчи эмчегин кармап саасам, такыр сүт чыкпай койгон. Андан кийин күч менен тартсам да чыкпай койду. Көрсө бир эмчегинен сүт чыкпайт экен. "Эми мен саан уйдан сүт чыкпайт экен деп барсам, үйдөгүлөр эмне дешет?" деп бир жагынан уялып, экинчи жагынан коркуп бардым. "Бир эмчегинен сүт чыкпайт экен" десем, баары күлүп эле "ал эмчегинен сүт чыкпайт. Аябай тарткыладыӊбы?" деп калышкан», - деди ал.

Таалайбек кызы Назима 1997-жылы 1-июлда Күн-Туу айыл аймагынын Шалта айылында төрөлгөн.

«Билимим орто. Мектепти аяктаган жылдары эжем менен бирге басмаканада эмгектенип жүрүп, жолдошум Эмил Мүсүралиевге турмушка чыккам», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×