Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Чүй облусуСокулук району 10.07.2019 11:51

Сокулуктагы реабилитациялык борбордо конференциялык зал курулду

Turmush -  Сокулукта Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине караштуу ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана балдардын реабилитациялык борборунда коомдук жана мамлекеттик ишмер Вера Үсөнова атындагы конференциялык зал ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Ачылыш аземге министрликтин статс-катчысы Каныбек Адиев конференциялык зал куруп берген кайрымдуулук фонддун өкүлдөрүнө терең ыраазычылык билдирип, сыйлык тапшырды.

Аз убакыттын ичинде реабилитациялык борбордун аймагында курулган имарат жаңы технологиялык жабдуулар менен да камсыз болду.

Үсөнова Вера Үсөновна 1991-жылдан баштап көзү өткөнгө чейин социалдык багытта бир топ олуттуу иштерди жасаган. Анын демилгеси менен Бишкек гуманитардык университетинде социалдык психологиялык факультет ачылган. Бишкек шаарында улгайган жана майып адамдар үчүн реабилитациялык борбор түзүлгөн. Ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн «Максат», «Балдар үмүтү», «Ак жол», «Росток» аттуу борборлор уюштурулган.

В.Үсөнова бир топ чет өлкөлүк бейөкмөт уюмдар менен тыгыз иш жүргүзүп, социалдык чөйрөдө көптөгөн долбоорлорду ишке ашырган. КРдин социалдык кызматкерлер ассоциациясынын негиздөөчүсү. Ал көп жылдык үзүрлүү эмгегинин натыйжасында Кыргызстандын өкмөтүнүн бир нече сыйлыктарына ээ болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×