Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Чүй облусуСокулук району 08.07.2019 12:38

Кылмыш иши козголгон Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы кызматтан кетти

Turmush -  Кылмыш иши козголгон Сокулук районунун Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Тагай Бакасов өз арызы менен кызматтан бошоду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга өздүк булактар билдиришти.

Сокулук райондук мамлекеттик администрациясы аталган маалыматты тастыктап, Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо убактысын белгилеп берүү өтүнүчү менен БШКга кат жолдошконун билдиришти.

4862e93a0c1533cad7ccd5c08892d4d5_0_500_0

Т.Бакасовго көпчүлүк депутаттар эки ирет ишенбестик көрсөтүп, бирок алардын бул эки чечимине Сокулук акимчилиги макул эместигин билдирген болчу.

--------------------------------------------------

Окуя тууралуу:

Буга чейин Тагай Бакасовго райондук прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгонун маалымдаган.

Кийинчерээк Сокулук районунун прокурору Марат Бусурманкулов Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысына кылмыш иш козголгонун тастыктаган. Прокуратура Гавриловка айылдык кеңешинин төрайымы А.Жанышбекованын жана айылдык кеңештин жамааттык кайрылуусу боюнча текшерүү иштерин жүргүзгөн.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 306-беренесинин (Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына каршы контракт түзүү, мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу) негизинде кылмыш иш козголгон. Мындан тышкары, «Ж» ЖЧКнын директору И.М.га Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин (алдамчылык) негизинде кылмыш иш козголду.

«Иш облустук прокуратурага жөнөтүлгөн. Алар УКМК же финансы полициясына өткөрүп берет. Бул иш ошол жактан чечилет. Ал мектептин оңдоп-түзөө иштеринине зыян келтиргени аныкталган», - деген прокурор.

Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы Гавриловка айыл аймагынын башчысы Тагай Бакасов менен байланышканда ал күнөөсүз экенин, чоң саясий оюн жүрүп жатканын белгилеген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×