Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Чүй облусуСокулук району 03.07.2019 12:22 На русском

Төрөт үйүнө ташталган бала 18 жылдан кийин ата-энесин тапты: А.Асанованын тажрыйбасы

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районундагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды калыбына келтирүү борборунун директору Айзада Асанова төрөт үйүнө ташталган балага 18 жашка чыккандан кийин ата-энесин таап берүүгө көмөк көрсөткөн. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Ушул окуя менин жүрөгүмдү аябай жылытты. Мен бул баланын чексиз бактылуу экенин сөз менен айтып жеткире албасам керек. Айбек (аты өзгөртүлдү) 7 айлык кезинде төрөлгөн. Бирок ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелип төрөлгөнүн билген апасы аны төрөт үйүнө таштап кеткен экен. Айбек балдар үйүндө өстү. Андан соң бизге которулган. Башка балдардан айырмаланып, акылынын тунуктугу, жөндөмдүүлүгү, бир нерсени тез кабыл алып, үйрөнүп кеткени менин көңүлүмдү бурду. Аракетчилдигин баалап, атайын долбоорлор аркылуу кесиптик окуу жайдан окутуп алдым. Окууну бүткөн соң Москва районундагы «Манас» социалдык айылына (ден соолукту калыбына келтирүү уюму) жөнөттүк. Айбек ал жактан өзүн-өзү толук багып кетүүгө даяр экенин көрсөттү. Анын үстүнө аталган социалдык айылда мындай балдарга жакшы шарттар түзүлгөн. Ошол кезде ал 18 жаштан өтүп калган. Экөөбүз байланышыбызды үзгөн жокпуз. Ал мени апа деп, телефон чалып турат. Мен дагы анын абалын дайыма сурап турам.

Бир күнү ал мага «апамды тапкым келет» деди. Мен макул болуп, апасын издедим. Кудай жалгап туугандары табылып калды. Ал кезде апасы Москва шаарында иштеп жүргөн экен. Биз аны туугандары менен көрүштүрдүк. Туугандары Айбекти аябай жакшы кабыл алышты. Андан кийин апасы Москва шаарынан келди. Аны менен дагы жолуктурдук. Эне-баланын 18 жылдан кийинки жолугушуусун сөз менен айтып жеткире албайсың. Андан соң атасын таптык. Көрсө ата-энеси өз-өзүнчө үй-бүлө күтүп кетиптир. Айбек азыр ошол «Манас» социалдык айылында жашап, иштегени менен атасынын үй-бүлөсү менен да, апасынын үй-бүлөсү менен да катышып турат. Ал азыр жалгыз эмес», - деди ал.

Асанова Айзада Бакасовна 1976-жылы 12-октябрда Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу мурунку Миң-Куш шаарчасында төрөлгөн.

«Үй-бүлөдө 5 бир тууганмын, 3 баланын энесимин. 1993-жылы Бишкектеги айыл чарба техникумун, 2007-жылы Социалдык өнүгүү жана ишкерлик институтун аяктап, социалдык кызматкер кесибин алып чыккам. Социалдык кызмат чөйрөсүндө 20 жылдан ашык убакыттан бери эмгектенип келе жатам. Тактап айтканда, 1999-2002-жылдары Талас шаардык социалдык коргоо башкармалыгында катчы-машинист, социалдык кызматкер, 1-категориядагы адис болгом. 2002-2005-жылдары Талас облустук социалдык коргоо башкармалыгынын башкы адиси, 2012-2013-жылдары Талас шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп иштеп келдим. 2013-жылдан бери ушул Сокулуктагы аталган борбордо директордун кызматын аркалап келем.

Үзүрлүү эмгегимдин арты менен бир нече сертификаттын ээси болдум. Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигинин, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин ардак баракчасы, «Социалдык коргоо кызматынын мыктысы» төш белгиси жана башка сыйлыктар менен сыйландым. Ошондой эле быйыл Элеттик аялдар күнүндө «Кеменгер» төш белгиси менен сыйландым», - деди ал.

Асанова иштеген борборго томолой жетимдер жана аз камсыз болгон, турмуштун оор кырдаалына кабылган үй-бүлөлөрдүн балдары да келишет.

«Биздин реабилитациялоо борборубузга республиканын бардык аймактарынан келишет. Бизге келгендердин көбү ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар. Өзүңөр билгендей, ар бир райондо социалдык өнүгүү башкармалыктары бар эмеспи. Биз алар менен тыгыз иш алып барабыз. Анткени аларда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар каттоодо болушат. Ал балдардын арасында реабилитациялоо борборундагы социалдык кызматтардын түрүнө муктаж болгондор айыл өкмөттөр тарабынан жана социалдык коргоо башкармалыктарынын жолдомолорунун, комиссиялардын чечими менен бизге келишет.

Бул балдардын арасында төрөлгөндө эле ата-энеси баш тарткандар дагы бар. Томолой жетимдер жана аз камсыз болгон, турмуштун оор кырдаалына кабылган үй-бүлөлөрдүн балдары да келишет», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×