Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Чүй облусуСокулук району 27.06.2019 15:18

Жаш талант: К.Рамазанов ЖРТдан жогорку упай алса да, чет жактагы окуу жайга тапшырууну көздөп жатат

Turmush -  Канатбек Рамазанов Сокулук районунда 2002-жылы 4-январда төрөлгөн. Ал аталган райондо жайгашкан А.Жакшылыков атындагы мектеп-гимназиясын артыкчылык аттестаты менен аяктады.

Бүтүрүүчүнү мектептен кийинки жашоо, өлкөдөгү жаштардын көбү жумушсуз жүргөнү, чет өлкөгө агылган мигранттар ойлондурат.

«Үй-бүлөдө алты киши бар. Чоң энем Насипа Усупова 79 жашта. Ал үй-бүлөбүздүн эң башкы адамы деп айтсам жаңылышпайм. Атам Рахат Рамазанов 47 жашта болсо, апам Зарина Рамазанова 38 жашта. Ал экөө тең жактоочу болуп эмгектенишет. Менден кийинки иним Жанатбек 11-класска көчсө, Жылдыз аттуу карындашым 3-классты аяктады. Экөө тең мен окуп аяктаган А.Жакшылыков атындагы мектеп-гимназиясында билим алышат.

Мектебиме, билим берген бардык мугалимдериме ыраазымын. Ошондой эле бизге салтанаттуу түрдө аттестат тапшыруу иш-чарасын уюштуруп, грамота, акчалай сыйлык берген Сокулук райондук мамлекеттик администрацияга, айыл өкмөткө рахмат.

Биздин класс жетекчибиз Эльмира Алиева орус тил жана адабияты сабагынан мугалим. Биз анын талыкпаган эмгегин, тажрыйбалуу кесипкөйлүүгүн сыйлайбыз жана жакшы көрөбүз. Ошондой эле директорубуз Ырыс Жуманазаровду дагы айтып өтпөсөк болбойт. Аны бардык окуучулар сыйлайт жана жакшы көрүшөт. Ал чынында мыкты жетекчи. Мектептеги ар бир баланын жашоосу менен тааныш жана ар бирине көңүл буруп, маселени жеринде туура чечет. Мисалы, мен облустук олимпиадага даярданып жатканда Бишкектеги окуу жайлардын бири менен сүйлөшүп, химиялык лабораторияда практика өтүп, сынакка даярданышыма шарт түзүп берген.

Кудайга шүгүр, мектепти мыкты аяктап, артыкчылык аттестатына ээ болдум. Ал эми ЖРТдан 209 упай алдым. Андан сырткары математикадан 109 упай, химиядан 109 упай алдым.

Канатбек Рамазанов: «Мен ошондой эле өзүмдүн классташым Саадат үчүн кубанычтамын. Ал район боюнча эң алдыңкы упай алып, «алтын сертификатка» ээ болду. Ал менин жакын досум, экөөбүз бала бакчадан баштап мектепти аяктаганча чогуу өстүк.

Мектепти аяктаганыбызга аз эле убакыт болсо дагы окуучулук күндөрүмдө эң сонун көз ирмемдер калган экен деп ойлоно баштадым.

Мени азыркы жаштар өкүндүрөт. Ичкендер, тамеки чеккендер, коомдук тартипти бузгандар бар. Андан дагы кесиптик жана жогорку окуу жайды окуп бүткөндөрдүн көбү жумушсуз, бош жүргөндөрүн көрүп кейип келем. «Мен окууну бүткөндөн кийин жумуш кандай болот, табылабы?» деп өзүмдөн кооптоном», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×